Турмушка чыкканыма 16 жыл болду. Күйөөм кол көтөрөт, мени такыр аябайт. Төрт балалуу болдук, токтолуп урбай калабы деп үмүттөндүм эле. Тыйылган жок, болгондо да бардыгына мени күнөөлү, деп эсептейт.
Мага эле кыйын боло берет. Өзү чечкиндүү эмес, үй-бүлөсүн оңураак бага албаган эркек. Өзүн карап, жакшы алып жүргөндү билбейт. Жуунуп, тазаланганды жаман көрөт. Жумуш кылгандан качат. Ага телевизор, интернет анан тамак эле болсо болду.
Түйшүктүн баарын өзүм көтөрүп жүрүп көндүрүп коюптурмун, үйдө эркек дагы мен, аял дагы мен болуп калдым. Тытынып, оокаттын бардыгына жетишкенге аракет кылсам дагы күйөөмө жаккан жокмун, болоор-болбос шылтоо менен токмоктоп салат.
Таарынышканда эки бөлөк жатабыз. Кечирим сурагысы келбейт, абдан көк бет. Мен дагы өз жайына койчу болдум. Ошентип жүрүп, айлап, жылдап сүйлөшпөгөн, бир төшөккө жатпаган күндөрүбүз өтөт.
Түшүнүксүз кыялын кантип оңдосом болот? Же убактым бекер өтүп кеттиби?







