AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдү эсим ооп кулап коркутуп койсом

Күйөөмдү эсим ооп кулап коркутуп койсом, көзүмдү карап калды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Ии, окубай жатып мени урушкуңар келип кеттиби? Аягына чейин окугула анан түшүнөсүңөр. Баса, бул лайфхак эмес! Эч кимиңерге мындай кылгыла деп үндөбөйм. Айла жоктон, ойлонуп табылган амал болду (күлүп).

Баш кошконубузга беш жыл болду. Эки балабыз бар. Тентектигин айтпагыла, бир орунда турушпайт. Үйдүн баарын эбак эле бүлдүрүп бүтүшкөн. Экөө чоңойгондо ремонт кылбасак, азыр аны жасоонун пайдасы деле жок. Бир күндө он жолу кийимдерин котором.

Мышыгыбыздын жүнү калбай калды. Экөөнү көрөрү менен качат. Анан кантсин байкуш, жулмалана берип ал деле чарчады.

Чоң апасы менен таенеси бир команда болуп алышкан. “Кой айланайын, бул эки каракчыга алабыз жетпейт, бизге тийишпегиле”,-деп качып кетишкен. Мен дагы аларга кошулуп кетип калат элем, кайдан…

Күйөөм жумуштан келери менен жатып алат. “Чарчадым, сен болсо жыргап үйдө отурдуң” дегенде күйүп кетем. Менин ордума өзүн коюп көрбөгөндөн кийин ишенбей турганын билем. Тактика ойлоно баштадым. Анан таптым…

Кирди чайкап бүтүп, күйөөмдүн жанына бардым.

— Жуман, тур кирлерди жайып койчу. Эмнегедир башым айланып жатат. Эртеден бери балдар менен жүрүп чарчадым.

— Макул, коюп кое бер, азыр рекламада барып жайып коем.

— Тим эле кой, өзүм жаям.

Бурк этип сыртка чыгып кеттим. Кир жайып жаткам. Эшиктин ачылганын, сүйлөнүп басып келатканын байкадым. Дароо ошол убакта ыңгайлуу позаны тандап туруп куладым. Кулагандан дагы күлбөй коюу оор болду. “Жаным, жаным, эмне болду? Суранам көзүңдү аччы? Мени угуп жатасыңбы?” Мени көтөрүп алып үйгө жөнөдү. Суу алып келип чачып жатат, мен билмексен болуп жатам. Ыйлап алган деп койгула. Күлкүмдү араң кармап турдум. Тез жардам чакырганы баратканда, акырын көзүмдү ачып, “Жумаан” деп угулар-угулбас үн чыгардым. Чуркап келип бетимден өпкүлөп кирди.

Эртеси «жакшылап эс ал» деп балдарды алып кайын энемдикине кетип калды. Бир күн кечке жыргап уктадым.

Ошондон бери күйөөм өзгөрдү. Жумуштан келип алып кол кабыш кылат. Кирлерди жууп, эрте келсе тамак жасап, кечинде мени уктай бер деп коюп, түнү менен балдар менен отурат. Ишенесиңерби, кадимкидей эс алып өзүмө келе баштадым. Ар дайым ачылбаган маанайым дагы көтөрүлүп, өзүмө карап калдым. Күйөөм дагы сулуу боло баштаганымды көрүп, ого бетер жардам бере баштады. Кыскасы, менин баяным ушундай. А силерде кандай кызыктуу окуя болгон?

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Классташтарың шылдыңдаса эмне кылуу керек? Психологдон 5 кеңеш

Классташтарың шылдыңдаса эмне кылуу керек? Психологдон 5 кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.