Жолдошум экөөбүз үч баланын ата-энесибиз. Ортодо жакшы-жаман күндөр өттү, бирок алардын баарына ыраазымын. Азыр мени ойлондурган нерсе, бир кыз күйөөмдү сотко берип коюптур, себеби андан беш айлык боюнда бар экен. Кыздын талабы боюнча күйөөм ага үй алып бериши керек экен. Күйөөмдү кыздар менен көп эле жолу кармасам дагы кечирип келгем. Эми болду кечире албайм. Сурайын дегеним, мен дагы ажырашсам, күйөөмдү сотко берип үй алдыра аламынбы?







