
Турмушка чыканыма эки жыл болду. Күйөөмдүн суюктугунун пайызы нөл болгондугу үчүн балалуу боло алган жокпуз. Диагнозу: тукумсуз (азооспермия), гармондору нормада эмес. Адистердин көзөмөлүнөн өтүп, дарыланды. Бирок ата-энем бул «тукумсуз, убактыңды өткөрбө» деп алып кетишти. Күйөөм кайрадан гармонго анализ тапшырса кичине жылыш бар экен. Күйөөмдөн балалуу боло аламбы?







