AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм таштап кетти. Сотко берсем болобу? Юристтен кеңеш

Күйөөм таштап кетти. Сотко берсем болобу? Юристтен кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg долбоорунун 0704004608 WhatsApp номуруна келип түшкөн юридикалык суроолорго юрист Нурислам Раимжанов жооп берди.

 

 

 

Мамилелер

Турмушка чыккам. Кош бойлуумун. Бир жумадан кийин төрөйм. Апамдын үйүнө келгем, күйөөм өзүнүн үйүндө болчу. Кечээ Россияга кетип калыптыр. Ортобузда ЖААК жок. Мага жардам бербей, таштап кетип калгандыгы үчүн сотко бергим келет. Болобу?

Албетте сотко берсеңиз болот. Тактап айтканда Кыргыз Реcпубликасынын жарандык кодексинин 16-беренесинде, “Эгерде жаранга анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу же болбосо жаранга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга зыян келтирүүчү же болбосо жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу аракеттер менен моралдык зыян (денесине зыян келтирүү же көңүлүн оорутуу) келтирилсе, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда, сот укук бузуучуга аталган зыяндын ордун акчалай компенсациялоо милдетин жүктөй алат.

Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоо учурунда сот укук бузуучунун күнөөсүнүн даражасын жана башка көңүлгө ала турган жагдайларды эске алат” деп көрсөтүгөн. Демек, ушул берененин негизинде сотко кайрылууга укугуңуз бар.

Москвадамын, ватсап номурума бир адам жазып тынчымды алып жатат. Өчүрүп салсам башка номур менен күн сайын жазып тажатып салды. Ал Бишкекте жашайт. Ага карата кандай чара колдонсом болот? Москвада туруп ага карата арыз жазсам болобу?

Бул шилтеме аркылуу http://kattar.kg/app.php/appeal/letter арыз жазып Ички иштер органдарына кайрылсаңыз болот.

Өз арызыңызга паспортуңуздун көчүрмөсүн жана сизге жазып жаткан адамдын номерин (скриншот) жибересиз.

Паспорт, күбөлүк маселеси

Кайсы жака кайрылаарымды билбей сиздерге кайрылып жатам. Мени кейиткен көрүнүш кытай жарандарына кыргыз паспортторунун берилип жаткандыгы. Буларды көзөмөлдөгөн органдар барбы? Болсо кимдер? Бул суроо мени абдан кайгыга салат. Алдын ала рахмат!

Чет өлкөнүн жарандарына мыйзамсыз паспортторду берип койгон фактылар кездешүүдө. Булардын үстүнөн тиешелүү органдар иш алып барып жатат.

Биздин өлкөнүн жарандылуугун алуунун тартиптери бар. Ошол тартиптин негизинде жарандыкты алууга мыйзам уруксат берет.

Жарандыкты алуу жана андан чыгуу КРнын президентинин указы менен болот. Мисалы, кытай жараны кыргыз паспортун алууну кааласа президент уруксат бермейин мыйзамдуу турдө КРнын жараны боло албайт.

Сиз президентке же Калкты тейлөө борборуна нааразычылыгыңызды айтып кат менен кайрылсаңыз болот. Ийгилик!  

Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жоготуп алгам. Архивге кайрылсам туулган ай, күнүн туура эмес жазып берип жатышат. Соттошкула деп жатат. Соту жок бул ишим бүтпөйбү? Балама кантип паспорт алып берем?

Жазуу жүзүндө ЖААК бөлүмүнө арыз менен кыйрылыңыз. Өз арызыңызда кетирилген катачылыктарды көрөтүңүз. Ал эми, ЖААК бөлүмү сиздин арызыңызга 14 жумуш күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттү. Эгерде ЖААК бөлүмү оңдоп берүүдөн баш тартса анда ЖААК бөлүмүн сотко бересиз. Мени менен байланышсаңыз сотко берүүнүн жол-жоболорун кененирээк айтып берем.

Айдоочуларга

Авто унаамдын ишеним катынын (доверенность) убактысы өтүп кеткен. Өзүмө каттатайын десем мурунку ээсин таппай жатам. Ал кишини табышым керекпи? Таппай калсам эмне кылам?

Авто унаанын ээсин табуу керек.  Эгерде ээсин таппасаңыз сот акрылуу сизди “менчик ээси” деп табууга туура келет. Бул процесс эмгекти талап кылат. Юрист менен кеңешип, кенен аалымат алышыңыз керек.

Айдоочулук күбөлүгүмдөн бр жылга ажыратылгам. Бир жылдык мөөнөт бүттү. Ош шаардык ГАИсине жөнөтөбүз дешкен. Ошону Бишкек шаарына котортуп, бул жактан экзамен тапшырып алсак болобу? Же сөзсүз Оштон алышым керекпи?

Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде сиздин айдочулук күбөлүгүңүз сиздин жашаган жериңиз боюнча аймактык атайын органга сакталууга жиберилет. Бул боюнча сиз бул шилтеме аркылуу танышсаңыз болот. 62-64 пунктарын көңүл бөлүп окуңуз. https://grs.gov.kg/ru/subord/drtsvs/drtsvs_npa/694-pravila-priiema-kvalifikatsionnykh-ekzamienov-i-vy/

Эгерде сиздин айдоочулук күбөлүгүңүз Ош шаарында жана сиз Бишкек шаарында жашасаңыз, Ош шаарындагы күбөлүгүнүз сакталып турган органга арыз жазып, айдоочулук күбөлүгүңүздү жана чогулган материалдарды Бишкек шаарына жөнөтүшүн сураныңыз.

Ишкерлик

Авто мектеп ачайын деп жаткам. Кандай жолдору бар? Кантип ачса болот? 

Окурман, автомектеп ачуу үчүн биринчи кезекте жоопкерчилиги чектелген коом ачууңуз керек. Ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү мыйзамдын 26-1-беренесинде 1-бөлүмүндө “Айдоо көндүмдөрүнө үйрөткөн уюм (автомектеп) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензияга ээ болууга милдеттүү, ошондой эле алар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

— айдоонун теориясына жана практикасына үйрөткөн уюмдун кызматкерлери (инструкторлору) айдоонун үч жылдан кем эмес стажына ээ болууга;

— айдоонун көндүмдөрүнө үйрөтүүнү жүзөгө ашыра турган (менчик же ижаралык негиздеги) автомобиль транспортунун болушуна;

— айдоонун теориялык көндүмдөрү текшериле турган менчик же ижаралык негиздеги компьютердик техникасынын болушуна;

— окуу үчүн жеке же ижарага алынган имараттын, ошондой эле автоаянтчасынын (автомобиль транспортун айдоонун практикалык көндүмдөрүн текшерүү үчүн жерлер) болушуна” туура келиши керек.

Чач тарачта патент менен иштейм. Патентти жаптырайын десем соц фондго акча төлөмөйүн жабылбайт экен. Бирок, патент алаарда мага айтылган эмес. Эмне кылсам болот? Төлөбөсөм айып көбөйөт экен.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөшүңүз зарыл. Анткени, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү мыйзамдын 1-беренесинин негизинде сиз мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү болуп эсептелинесиз.

Патент алаарда өзүңүз шарттары менен кабардар болушуңуз керек болчу.

Урматтуу окурман, өз сурооңузду 0704 00 46 08 номурана узатсаңыз болот. 

 

 

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
“365 байпак алгам”. Мырзалар эсинде калган белектери жөнүндө айтып берет

“365 байпак алгам”. Мырзалар эсинде калган белектери жөнүндө айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.