Күйөөм менен 8 жыл чогуу жашадык. Баш кошконубузга төрт жыл болгондо кайын эжем ажырашып, үч баласы менен биздикине келди. Ортодон пикир келишпестиктер көп чыгып, өз алдынча жашайлы, бөлүнөлү дегениме күйөөм көнбөй койду. Ошону менен экөөбуз эки жолго түшкөнбүз.
Кызым менен кетип калдым, алимент кестирген эмесмин. Жарым жылдан кийин келип, кайра биз менен жашап калды. Андан кийин уулубуз төрөлдү. Бирок жашообуз баары бир болгон жок.
Жолдошум тапкан-ташыгандын бардыгын ата-энесинин үйүнө жумшайт. Же биздин квартирабыздын акчасын төлөбөйт, же азык-түлүк алып бербейт, балдардын кийим-кечеси менен иши жок. Жада калса, анын кийимин да мен алып берип келдим.
Акыры тажап, ачык айтсам “Мен силерди каржылай албайм, бага албайм”, — деп бизди таштап, басып кете берди. Ушунча убакыттан бери кайын ата, кайын энем улуу кишилердей болуп, акылын айтып, ынтымакташып жашагыла, деп айтышкан жок. Бир да жолу неберелерин сурап, кантип жашап жатканыбызга кызыгышпады.
Ошого аябай ичим күйүп жатат. Ажырашкым келип турат, бирок бир чети балдарымды тирүүлөй жетим калтыргым келбейт. Эмне кылышты билбей калдым. Күйөөм эч убакта биринчи келбейт, көк бет. Ал күнөөлүү болуп турса да, мен кечирим сурайм.
Кантип туура чечим чыгарам? Мага психологдон кеңеш алып бергилечи?







