Турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Кудайга шүгүр, кызыбыз бар, жолдошум жакшы киши, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Кайын атам, кайын энем менен бир турабыз. Алар да жакшы кишилер.
Болгону кайын энем барына кийлигише берет. Коноктор келсе, тигини алып кел, муну алып кел дей берет. Кудайга шүгүр өзүм деле оокатка тыңмын. Айтпаса деле бардыгын өзүм жасайм. Жада калса, күйөөмдүн көйнөгүн үтүктөп жатсам, өтүп баратып, “үтүгүндү сууруп кой, сасып кетти”, деп айтат жөн өтпөй. Эми мен деле үтүк көрүп чоңойгом да.
Күйөөм апасына өтө жакын, тапкан акчасынын барын берет. Анан өзүбүз жалдырап эле отуруп калабыз. Мончого барып келиш үчүн да апаман акча сурайбыз. Кийим-кече, дары-дармекти айтпай эле коеюн.
Акчанын баарын бербей, бизге деле бир аз алып калсаң болот беле? Биз эми кенедей бала эмеспиз да, өзүбүздүн да пландарыбыз бар, керектөөлөрүбүз бар десем, мени жаман көрөт. Эмне алар сага чоочун көрүнүп жатабы, деп.
Бирок биз аялы-күйөөсү болгон соң, акчаны өзүбүз кармап, өзүбүз бөлуштүрсөк болот эле го?







