Саламатсызбы! 16 жаштагы кызым бар, ажырашкам. Атам катуу ооруп, төшөктөн турбай калды. “Тирүү кезимде турмушка чык” дегенинен, атамды ыраазы кылуу үчүн бир жигит менен тааныштым. Намаз окуйт экен. Мен ыймандуу болсо керек деп ойлогом. Аны жакшы тааныбай эле турмуш курдум. Атам бир айдан кийин каза болду. Күйөөм жакшы адам эмес экен. Боюмда болду. Төрөткө жакын балага, мага кийим кече алып берүүсүн айттым. Уруш чыгарды. Акыры балага алды, мага албады. Айла жок апам халат алып берди. Бул көйгөй чети эле. 16 жаштагы кызымы жаныма алдым. Үйгө нан алып келбейт. Айылдан апамдыкынан ташып тамак жейбиз. Күйөөм жүк ташып иштейт. Жумушу жакшы. Машинасы бар. Мен үйдө отурганым үчүн, үйү анын үйү экенин айтып турат. Коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө келгенде чекти карап, ошого жараша акча берет. Помидор, бадыраң алып кел десең, “жебей эле койчу” дейт. Көңүлүм ооруп жүрөт. Туугандар тойго чакырса барбайм. Кыздуу болдук. Ал үчкө чыгып калды. Аны бала бакчага берели десем, акча бербей койду. Өзүм жумушка орношуп, анан киргиздим. Үйдү ремонттойлу десем дагы болбойт. Турмушубуз кандай болот билбейм. Ооруп дагы калдым, киста болуп операция жасаттым. Операцияга акча бербеди, майда-чүйдө дары эле алып берди. Күндө уруш. Ажырашайын десем кызым бар. Эмне кылсам болот?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







