Жолдошум менен жашабай калганыма 4 жыл болуп калды. Урушуп кетип жатканда апам күйөөмөн «жашайсыңбы» деп сураган. Ал өзүнүн апасын, кайра бизди карап туруп, «жок жашабайм алып кете бергиле» деди. Бирок талак бербей турганын айткан. Андан кийин да урушуп, жашабай турганын айтып кыйкырган. . Себимди дагы бербей койгон. Арадан төрт жыл өттү, азыр барып талагымды сурсак да макул болбой жатат. Ал менин эле тааныш кызыма үйлөнүп алыптыр. Мен эми эмне кылаарымды билбей жатам. Турмушка чыга албай каламбы?







