Жолдошум менен ажырашууга туура келди, анткени балалуу боло алган жокпуз. Кичине кезинде “свинка” болуп ооруган экен, ошондон улам тукумсуз болуп калыптыр, спермограмма тапшырсак уругу 0% болуп чыкты.
Дары ичти, күчтүү укол алды, элдик ырым-жырымдардын бардыгын жасатты, барыбир бологон жок. ЭКО жасаталы десек, доктурлар өзүнүкү жарабайт, донор керек дешти.
Кайын журтум бизди колдогон жок. «Балким башка аял алса төрөйт», деп кептин баары баласында экенин түшүнгүсү да келген жок. Кайын энем менен кайын сиңдим мени батырышпады. Бала багып алалы десек, бакма бала кереги жок, деп кайын энем караманча каршы туруп алды. Барылап биздин чогу болушубузга каршы чыгышты.
Күйөөм мен сенден ажырагым келбейт, деп телефон чалып ыйлайт. “Сен мени таштап кеттиң, сени да бирөө таштап кетсин”, — деп каргайт. Бирде жарашып, кайра эки жолго түшүп жүрдүк. Эмне кылаарымды билбей калдым. Мен да балалуу болгум келет.
Жашым өтүп баратат. Айтуу оңой бологону менен, башка күйөө таап, жаңы жашоону баштоо кыйын экен, чайналып кеттим.
Чогу 6 жыл жашадык, биротоло ажырашканыбызга 4 ай болду.
Мага кеңеш бергилечи эмне кылам? Бала жытына зармын, балалуу, бактылуу болгум келет.







