Саламатсызбы! Мен да психологдун кеңешине муктажмын.
Мен 21 жаштамын, 16 жашымда турмушка чыккам, көп кыйынчылык көрдүм. Себеби жолдошумдун ата-энеси, бир туугандары күн көргөзүшкөн жок. Оор жумуштун айынан биринчи балам чарчап калган, экинчим кыз төрөлдү. Бирок кыз деп жээришип, мени аябай кемсинтишчү.
Апасынын айтканын угуп жолдошум мени көп сабады, кайын атам менен кайын энем карап тура беришээр эле. Ошол күндөрү өлүп эле алсамбы деп ойлнчумун.
Ата-энем бар, кудайга шүгүр. Бирок атам сүрдүү, түшүнүгү илгерки киши. Даттанып барсаң “жашайсың, жашабаганда кайда бармак элең?!” деп мени кайра жеткирип салчу.
Кайын журтум атамдын ушундай экенинен пайдаланып, ого бетер мени басынтып турушчу. Экинчи кызымды төрөгөндөн кийин мындай жашоого чыдабай кетип калдым.
Байкемдин үйүндө жашап жүрдүм. Иштеп бир жылга жетпей өзүмдү да кызымды да багып, тыңып кеттим. Андан кийин күйөм кечирим сурап келди. Кечиргим келген эмес, бирок кызымды ойлоп макул болдум. “Ата-энең менен жашабайбыз, өзүнчө квартирага чыгабыз” деген шарт койдум.
Азыр бардыгы кудайга шүгүр, күйөм мурункуга караганда оңолду. Мен ал кезди эстеп жаман боло берем. Кантип эстебей койсом болот? Кантип бардыгын унутам? Азыркыга чейин ата-энесинин үйүнө баргым келбейт. Мага кеңеш бергилечи?







