Күйөөм 28 жашта. Окуган-чокуган, билимдүү, жакшы жерде иштеген эле киши. Бирок жарым жылдан бери марихуана чегип жүргөнүн байкачу болдум. Эки жолу үйдөн таптым, андан тышкары ар дайым жанына пипетканын резинкасын жана нафтизин алып жүрөт. Көздөрү кээде кызарып калат. Өзү менен сүйлөштүм, такыр мойнуна албай койду.
Меникиндей абалда эмне кылыш керек?







