AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм: "Ойношко караганда бул жакшы да

Күйөөм: «Ойношко караганда бул жакшы да, кайра сүйүнбөйсүңбү!»

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Мага жардам бериңиздерчи! Менин жашым 22де, турмушка чыкканыма бир жарым жыл болду, бир балабыз бар. Жакында эле күйөөм сабаганынан үйгө кетип калгам. Ата-энемдикине келгенден кийин дагы боюмда бар экенин билдим. Бул биринчиден.

Экинчи көйгөйүм, күйөөм өзү аскер. Эрте кетип, кечинде келет. Телефонун карасам порно  тасмаларды көргөн болот. Бул эмне десем, «балдар көргөн» деп коет. Бир күнү ваннага кирип кетип эле жок. Эмнеге кечикти деп терезесин карасам, бир колунда порно коюлган телефон, бир колу менен мастурбация кылып жатыптыр. Көрүп алып аябай ыйладым. Эмнеге антесиң десем, «таштайм» деп убада берген. Бирок таштаган жок, кайра күчөдү.

Мен жатпасам бир жөн, күнү-түнү жатууга даярмын деген сөзүмө, «ойношко караганда бул жакшы да, башкага барган жок деп кайра сүйүнбөйсүңбү» деп оозумду ачырды. Бирок мен үчүн бул адаты ойноштук кылганга эле барабар. Балдарым үчүн жарашайын дейм, бирок сабаганын, мастурбация кылганын кечире албай жатам. Эмне кылсам болот? Жардам бериңиздерчи! 

Тамара Воронцова, психолог

Суроо абдан жеке жана интимдик болгондуктан, психологдун жардам жок чечилбейт. Абалыңызды жакшылап түшүнүү үчүн, сиз менен сүйлөшүүм керек. Колуңуздан келсе, жакшысы психологго кайрылыңыз.

Дароо айта кетейин, күйөөңүздүн порно көрүүсүндө таң калычтуу эч нерсе жок. Көп учурда аялы менен күйөөсү бирге көрөт.

Баардык эле эркектер мастурбация кылат. Мисалы, ал көнүмүш адат болуп калышы мүмкүн, ошондой эле ар кандай себептерден улам аялы баш тартса же этек кири келип калса, кош бойлуулук, ооруп жатса ж.б дегендей.

Сиз жыныстык катнашка баруудан баш тартпасаңыз, бирок күйөөңүз мастурбация кылып жатса, себебин өзүнөн сураңыз. Мүмкүн сексуалдуулугуңузга, төшөктөгү иш-аракеттериңизге тиешелүү көйгөйлөр бар. Төшөк маселелери боюнча ортоңордо ачыктык болушу керек. Балким ал сизди таарынып калбасын деп чындыкты айтпай жатат. Бул тууралуу сөз кылуу кыйын болуп жатса, сексолог же психологдун жардамы менен чечиңиздер.

Бирок сизге кол көтөрүүсүн кийин кайталап же адатка айлантып албашы үчүн, мындай аракетине эч качан жол бербеңиз. Алгач себебин түшүнүү зарыл — мас болгондо урабы, эч кандай себепсизби, сизди көргөндө ачуулана береби ж.б.  Эгер жүйөөсүн билип алсаңыз, кийин аны кайталабайсыз, анан ур-токмок жок болот. Кандай болбосун, катуу талап коюңуз. Өзүнүн балдарынын апасын, жубайын урган киши менен жашоонун зарылчылыгы жок. Бул кадамга татыксыз, алсыз эркектер барат. Мындай күйөөнүн жана атанын эмне кереги бар!?

Бардык аялдарга айтаарым, эч качан кадыр-баркыңарды силерди ур-токмокко ала турган деңгээлге түшүрбөгүлө. Башынан жана ар дайым!

Эгерде эркек заалым же садист адам болсо, анда аны менен бирге жашабагыла!

Маселеңизди психолог менен бирге чечип алаарыңызга ишенем! Жакшылап ойлонуп, туура чечим кабыл алыңыз! 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
«Өзүңө жаккан иш менен алектен» болбогон бир кепби?

«Өзүңө жаккан иш менен алектен» болбогон бир кепби?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.