AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм ойлоп тапкан бул ыкманы жасап көрүп ажырашпай калдык

Күйөөм ойлоп тапкан бул ыкманы жасап көрүп ажырашпай калдык

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Акыркы жылдары бири-бирибизге болгон көз карашыбыз өзгөрдү. Эми айтайын дегеним, мурдагыдай жылуу эмес. Баягы түнү менен божурашып жаткан эки түгөй жок, сөздөрүбүз эбак кыскарган: “ммм”, “ооба”, “жок”, “макул” ж.б. Урушуп кетсек жыргайбыз, анткени сүйлөшпөй бир-эки жума жүрөбүз да. Сүйүүбүз кайдадыр жашынып алды.

Элдин көзүнчө актербуз. “Бизде баары жакшы” деген жазуусу бар футболка кийбегенибиз эле болбосо, жалган күлкүнү жүзүбүзгө чаптап алганбыз. Бирөө жакшыбы деп сураса дароо тиги жоопту айтабыз. Үйдө эки башка бөлмөдө телефон чукулап жатабыз.

Мурда комплинет дегенди жаадырат элек. Экөөбүз бирөө эмес, бири-бирибиз үчүн жасанчубуз. Мен ага, ал мага жаккан духи себинет дегендей. Көзүбүзгө сулуу болуп көрүнгүбүз келчү. Азыр болсо, тизеси чыккан шым, тамак чачыраган кофта, май чач, эх… Сүйүүбүз кайдадыр жашынып алды.

Жомогубуздун аягы эмне болуп бүтөрү анык болуп калды. Илгери-илгери ханзаада менен ханайым болуптур. Алар үйлөнүп, үч балалуу болушат экен. Ушундай бактылуу жашап жатканда, алардын үйүнө Кайдыгерлик деген желмогуз келет. Акырын бекенип алып үй-бүлөсүнө көз сала баштайт. Биринчи жолу ханзаада байкап калып кубалайт. Экинчисинде ханайым кубалайт. Акыры экөө тең кол шилтеп коет. Бир күнү тиги желмогуз экөөнүн сүйүүсүн жеп кетет. Ошентип жомок бүтөт.

Ажырашуу! Бул сөздү айтканга эркибиз жетпей жатты. Бирок, айтыш керек. Мен айтайын деп, балдарымды ойлойм. Ал айтайын дейт, балдарыбызды ойлойт. Сүйүүбүз кайдадыр жашынып алды.

— Нури, жүр сүйлөшөлү. Мен мындан ары чыдай албай калдым.

— Макул, жүр ашканага.

Экөөбүз бир сааттай унчукпай отурдук.

— Мен бир метод ойлоп таптым. Ошону бир ай жасап көрөбүз. Эгер аны колдонгондон кийин бир нерсе өзгөрбөсө, анда…

— Ажырашалы. Мен дагы кыйналып кеттим. Эмне метод?

— Ар дайым эртең менен жумушка баратканда жана кечинде келгенде кучакташып турабыз. Бир күн дагы калтырбайбыз.

Күйөөмдү карадым. Тамашадай көрүнбөт. Ушунча оңойбу? Бир ай чыдай алам. Методун аткарып көрөлү.

Биринчи жолу ыңгайсыз болдук. Балдарыбыз таң калып карады. Кучакташып, бирок жүзбүзгө карабай жумушка жөнөп кеттик. Экинчисинде дагы ыңгайсыз болдук. Балдарыбыз таң калып карады. Үчүнчүсүндө жүрөгүнүн сокконун укканга жетиштим. Ал чачымдан жыттады. Балдарыбыз күлүп карады.

Он бешинчи кучакташуу узак болду. Балдарыбыз чуркап келип бизди кучактады. Жыйырманчы кучакташууда жашынган сүйүүбүздү таптык өңдүү. Балдарыбыз күлүп келип кучактады. Жыйырма тогузунчу кучакташуу. Экөөбүздүн көз жашыбыз төгүлдү. Балдарыбыз таң калып карады.

Кечир сүйүү, сага күн сайын кам көргөндү унутуп калыппыз. Кечир, сүйүү. Эми кетпе. Сени араң таптык. Мындан ары бапестеп бакканга аракет кылабыз. Эки муздак жүрөк жылыды. Бири-биринин добушун угуп, мурдагыдан катуу сого баштады. Дале кучакташып турабыз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Кыргызстандагы официанттар үчүн бош жумуш орундары

Кыргызстандагы официанттар үчүн бош жумуш орундары

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.