Турмушка чыкканыма алты жыл болду. Күйөөм менен сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Башынан эле телефонума тийишпе дей берет болчу. Жарым жылдан кийин тойго телефонун унутуп кетип калыптыр, чукулап карасам бир кыздын 30дан ашык сүрөтү бар экен. Менин бир да сүрөтүм жок. Кээде жазышып турушат экен.
Күйөөм келгенде уруштук, актанган да жок. Унчукпай жүрүп кутулду. Андан кийин бир канча убакыт сүйлөшпөй калышкан, эми кайра табышып алышыптыр. Ал кыз турмушка чыккан, баласы бар. Ага “сени издейм, көргүм келет” деп жазат экен.
Кайра уруш чыгарсам, мен аны күйөөсү менен ажыраштырып бактысыз болушун каалайм дейт. Мурда жуучу болуп барышса кызды бербей койгон экен, ошондон бери күйөөмдүн өчү бар имиш.
Күйөөм өзү жакшы адам, мен аны аябай сүйүп турмушка чыккам. Бирок мындай кылгандары мага катуу тийди. Ал чынында эле аны сүйөбү? Же жөн эле актанып айтып жатабы? Сураныч, жооп алып бериңизчи?







