Былтыр күйөөмдү бир аял менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөнүн кармап калдым. Болду сүйлөшпөйм, токтоттум, дегенден кийин дагы 3-4 жолу кармадым. Ал аялга да чалып уруштум. Көрсө, күйөм бойдок кезде экөө кыз-жигит болуп жүрүшчү экен.
Биздин баш кошуп жашаганыбызга 22 жыл болду. Экөөбүздүн төрт балабыз бар. Бул окуяга чейин эч качан мындай болгон эмес.
Оюм тынч эмес, күндө мээмди курттай жеп эле турат. Дагы деле сүйлөшүп жүргөндй шек санай берем. Канча унутайын деп аракет кылдым, болбой койду. Ой баса берип кыйналып кеттим. Эмне кылам, кеңеш бергилечи?







