Мен 23 жаштамын. Турмуш курганыма бир жылдан ашты, ортодо 6 айлык балабыз бар. 9-класста окуп жүргөнүмдө классташ балама алданып намысымдан ажырагам. Азыркы жолдошум менден алты жаш улуу. Биринчи нике түндө эле кыз эмес экенимди билген экен. Андан бери бир жыл өттү. Жакында интернеттен бир бала жазып калыптыр. Ал учурда телефонум жолдошумда болчу. Экөө сөгүшүп, урушуп жаман болуптур. Кечинде ичип келип: «Мен сенин кыз эмес экенинди башында эле билгем. Ошого карабай сага үйлөндүм, сүйгөнүм үчүн. Намысыңды алган адам ким экенин айт!» Акыры классташым экенин билди. Көрсө ал экөөнүн жалпы тааныштары көп экен. Эми алар мени «башы жок ,ошол кызды алды»,-деп ойлоп жүрөт да. Мени менен ажырашпай турганын айтты. Бирок мен мурдагыдай болуп жүрө албайтам. Көзүнө карай албай уялып, эмне кыларымды билбей кыйналып кеттим. Кээде ажырашып кетсемби деп ойлойм. Баламды ойлоп айлам кетет. Эмне кылсам болот? Кыскасы, жолдошум менин кыз эмес экенимди мурда эле билгенин билип, жанында жүргөндөн качып эле сүйлөй албайтам.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







