Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүз бир ай эле сүйлөшүп кийин мени алып качкан. Үйлөнгөнүбүзгө 4 жыл болду. Анын 2,5 жылын алыста жашайбыз: ал Москвада, мен балдар менен Кыргызстанда. Экөөбүз күн алыс телефондон урушабыз. Өзгөчө кайын энемдин айынан. Ал мага башка сүйлөп, күйөөмо башка айтат экен.
Мынтип жашагым келбейт, ажырашалы десем эле, жакшы сүйлөп калат. Бул кырдаалдан кантип чыксам болот?







