Күйөөм экөөбүз Москвада иштеп, Сокулуктан үй алганбыз. Эки балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Күйөөм үйдү тез арада атасына белек катары өткөрүп берип салыптыр, мени талашпасын деп.
Сотко арызданып жүрүп, чечимин жокко чыгарткам. 2020-жылы тынчтык жолу менен үйдүн жарым акчасын берип, өзүмө каттатып алайын деп жатканда кайын энем уруш чыгарып, балдарымды кошо жаздырып койду.
Эми ал үйдү сатып, башка үй алганганга мүмкүнчүлүгүм болбой калды. Ал үйдө жашаган болбойт, кулайын деп араң эле турган там.
Өзүм шаарда иштейм, айлыгым жетиштүү. Балдарды өзүм багып кете алам. Болгону ипотекага шаардан үй алайын деген элем.
Мен эмне кылсам болот?







