Саламатсызбы. Жолдошум экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Ал биринчи аялы менен аз эле жашап, ажырашып кетишиптир. Алар эки жолго түшкөндөн кийин үч жылдан кийин бир тойдон жолдошум менен таанышып калдык. Көп өтпөй баш кошконбуз. Ортобузда эки уулубуз бар.
Жакында эле, мурунку аялы менен да тымызын жашап жүргөнүн билип калдым. Шок болуп, кийин депрессияга түшүп кеттим. Анын айтымында ата-энеси биринчи келинчегин жактырбай койгондуктан ажырашууга аргасыз болгон. Мага башында такыр башкача айткан эле.
Күйөөм “экөөңөр менен тең жашай берем, экөөңөрдү тең сүйөм” дейт. Мен ага көнбөй ата-энемдин үйүнө кетип калдым. Кайын журтум башында мен тарапта болушчу, эми баласынын сөзүн сүйлөп калышты.
Материалдык абалыбызды айта кетсем, квартирада турабыз. Каражат өзүбүзгө араң жетчү.
Үч айдан бери ата-энемдин үйүндөмүн, бир да жолу балдарынан кабар алып койгон жок. Эмне кылышымды билбей, жүрөгүм ооруп турат. Бир кеңеш берип койгулачы, сураныч?







