Саламатсызбы. Мен 23 жаштамын, турмушка чыкканыма 1 жылдан ашты. Бир балабыз бар. Биз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Жолдошум жакшы жерде иштейт, кайын-журтум бардыгы жакшы, көзүмдү карап турушат. Учурда иштебейм, бала менен үйдө отурам.
Болгону күйөөм экөөбүз урушуп кетсек эле, мени алганына өкүнгөндүгүн айта берет. “Мүнөзүң ушундай экенин билгенимде сени албайт болчумун” – дейт.
Мен анын бул сөзүнө аябай теригем, басынып жүрөм. Же иштебейм, иштейин десем балам кичинекей.
Ажырашкым келип жүрөт. Башкача уруш болсо балким, жолдорун издеп, чыдамак белем. Анан эле өкүнүп турса, мени менен жаша деп жалдырамак белем? Эмне кылышым керек, кеңеш бергилечи?







