Турмушка чыкканыма алты жыл болду, үч балам бар. Башында жолдошумду обу жок кызганчумун. Бирок азыр андай болбой калдым.
Балдарымды кайын энеме таштап жумушка чыктым. Балдарым айылда, мен шаарда. Күйөөм Россияга кеткен. Аны менен сүйлөшкүм деле келбейт, акча салса болду. Ошого сүйүнөм. Күйөөм беш маал намаз окуйт, туура жүргөн бала. Бирок жогорку билими жок.
Жумушумдагы иштеп жүргөн балдарды көрүп, эмнеге окуп, жогорку билим алган балага тийген эмесмин, деп күйөөмдү ар кимге салыштырмай болдум.
Эмнеге мындай болуп жатат? Кеңеш бериңизчи.







