Менин жашым 23тө, жолдошум жана балам бар. Маселе жолдошумда, ал мага телефонун бербейт, эч кимге карматпай күнү-түнү көтөрүп жүрөт. Бир күнү телефонун таштап, сыртка чыгып кетиптир. Кокустан бөлмөгө кирип, көрүп калдым. Алып карасам жигиттин аты жазылган номер бар экен. Ачсам, аны менен кат жазышыптыр, жолдошум: «Сенин колуңду кармап, сени менен өмүр бою бирге болууга даярмын» деп жазыптыр. Жүрөгүм титиреп кетти. Эмне кыларымды билбей ордна коюп чыгып кеттим, эч кимге билгизбей жумушум менен алектене бердим. Андан кийин жанагы номерди текшерип көрсөм, досунун аялы, мындайча айтканда аяшыбыздыкы экен. Мен бул жөнүндө кайненеме айттым, ал аны менен сүйлөшөм деди, бирок азырынча унчукпай эле жүрөт. Жолдошума бул жөнүндө кыйытсам, сүйлөшүүдөн качып жатат. SMSтерди өчүрүп салыптыр, далилдерим жок экенин айтат. Кечээ тиги аяшыбызды аэропортко жеткирип келерин айтты. Мен эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







