Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз жашаганыбызга тогуз жыл болду. Ортобузда үч балабыз бар, төртүнчүсүн күтүп атабыз. Тогуз жылдын жети жылы аябай кыйынчылыкта жашадык. Жашоонун ысыгына, муздагына чыдап жашап келем. Колубузда жок убакта кайын журтум адам катары көрүшпөдү. Ачка калсак дагы бир кесим нан бербеди. Балдар менен батирлеп жүрдүк. Атам балдарымды аяп магазин ачып берди. Эки жылда күйөөм экөөбүз дүкөндү жакшы иштетип кеттик. Эми кайын журтум акча сурай берип тажатышты. Барган сайын продуктарына акча берип келем. Эң жаманы күйөөм карындашына, кайын энеме менден бекитип акча берип жүрүптүр. Банктан которгон чектерин таап алып анан билдим. Эмнеге андай кылганын сурасам, мага кол көтөрдү. Өзү ай-күнүмө жетип калган элем. Кайын энем мен бар болсом телефонду өчүрүп коет, жок болсом күйөөм менен эки саат сүйлөшөт. Кайын журтумду, күйөөмдү аябай жаман көрүп калдым. Эмне кылсам болот?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







