Саламатсызбы. Мен көйгөйүмдү жазууну туура көрдүм. Жолдошум экөөбүз баш кошуп жашап келатканыбызга 15 жыл болду, 3 балабыз бар. Мени ойлондурган маселе — күйөөм кыз жандуу.
Жүрбөгөн кыз-келиндер калган жок. Канчасы менен кармап, канча нервим кетти. Жашы өтсө токтолобу десем, анте турган түрү жок.
Ушунча жыл чыдап, балдарым, үй-жайым деп жашап келдим. Мен кетип калсам эмне болот деген ой менен жүрдүм. Өзүм тыкан, оокатка тың аялмын.
Күндөн-күнгө ага болгон жек көрүүм көбөйүп келатат. Балдарым да чоңоюп калышты. Эмне кылышты билбей турам. Эмнеге мындай болуп жатат? Мага кеп кеңешиңерди берип койгулачы?







