Жүрөгүмдү өйүгөн бир маселе боюнча адистен кеңеш алгым келди. Депрессиялык абалда жүрө берип кыйналып кеттим. Анда сөз башынан болсун. Үч жылдан бери балалуу болбой жүруп, үнүм кудайга жеткен окшойт, былтыр кыздуу болгом. Кызым мөөнөтүнөн эрте төрөлгөнүнө байланыштуу бир ай больницага жатканга туура келди. Байкушум, бул дүйнөгө келбей жатып, жарык жашоонун ачуусун татып, чыркырап ыйлап, күндө укол алат. Жаны кейип, ыйлактайт. Түнү менен уйку көрбөй, кызымды көтөрүп чыгам.
Ушундай күндөрү эң жакын адамым, күйөөм колдогондун ордуна артыма бычак сайды. Кызымдын жашоосу менен алпурушуп жатканда, күйөөм ойношу менен ырахатка батып, бейкапар жүрүптүр. Далилдин бардыгын ойношу өзү ватсап аркылуу жөнөттү. Аны менен кыжылдашып урушкан деле жокмун. Эмнесине урушам? Койнумда жаткан күйөөм мени ойлобосо, бөтөн аял ойломок беле?
Кызымды алып, апамдыкына кетип калдым. Артыман келип кечирим сурап, айланчыктап бир ай жүрдү. Акыры апамдын “кызым, балаң үчүн дагы бир жашап көр. Күйөөң ичпейт, чекпейт. Кызыңды атасынан ажыратпа” – деген сөзү дагы бир ирет жолдошума “шанс” берүүгө түрткү болду.
Андан бери бир жыл өттү. Көзүмду карайт, кийинтет, ичинтет, кызы үчүн бардыгын жасайт. Бирок, мен таарынычымды жеңе албай келем. Ортодо айтылбаган сөздөр бар. Анын баары мага жүк болуп жатат.
Эмнеге кыйналып жатканда колуман кармап, чекемен сылап “ыйлаба, мен жаныңдамын” деп айткан жок?
Кечире алган жокмун, кечирбейм дагы.
Кызым атасын аябай жакшы көрөт. Кайдан билсин атасы мени бир жыл мурун тирүүлөй көмгөнүн?
Ажырашсам кызымды жалгыз чоңойто аламынбы? Анткени эч кимден жардам сурагым келбейт. Ичимдегини да эч ким менен бөлүшкүм келбейт. Мүнөзүм ушундай. Бул абалдан чыгууга психолог жардам берет деп ишенгим келет. Алдын ала чон рахмат!







