AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм "кистаң бар болсо

Күйөөм «кистаң бар болсо, төрөбөйт турбайсыңбы» деп таштап кетти

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Менден өлүп кутуласың» дейт эле»

Бул менин экинчи турмушум. Биринчи жолдошум ала качып кеткен. Баш кошконубузга бир жума боло элек жатып, кол көтөрө баштаган. Акыры денемдин соо жери калбай калганда, кетип кутулдум.

Азыркы күйөөмдүн үчүнчү аялымын. Биринчи ирет тайкесинин кызына үйлөнүп, эки балалуу болгондо ажырашкан экен. Экинчиси менен аз эле жашаптыр. 

Экөөбүз бир айылдан болобуз, “Однаклассник” аркылуу табышканбыз. Турмуш кургандан кийин беш жыл бала жытын искей албадык. Дарыгерлерге барсак баары сонун экенин айтышат. Айлабыз кеткенде кыргызчылык кылып көрдүк. Жыйынтык болбоду.

Үйлөнгөндөн кийин Москвага иштегени кеттик. Эми ар бир үй-бүлөдөй эле кээде казан-аяк кагышып калбаганын эске албаганда, беш жыл сонун жашадык. Кайын-журтум дагы мага жакшы мамиле жасайт эле.

Жолдошум кызганчаак. Бирок аны ишеничнен чыга турган эч нерсе кылбадым. Бир да жолу талашып-тартышкан жокмун. Айтканындай кийинип, боенуп жүрөм. Иштеп тапкан акчамдын бир тыйынын коротпой колуна карматам. Ал дагы көңүлүмдү көтөрүп, “эмне жейсиң” деп турат.

“Сен менен эч качан ажырашпайм”, “менден өлүп кутуласың”, “сабыр кыл, сөзсүз төрөйсүң” деген сөздөрдү айтчу.

Күйөөм балага жакын болгону менен, эки баласынан кабар албайт. Тескерисинче, мен “акча сал, кийим алып бер” деп турчумун. Ошол балдарды атасынан ажыратпасам, кудайым мага бала берет деп ойлогом. Өзүбүз алып карайлы дегениме көнбөй койду.

Быйыл апам катуу оооруп Кыргызстанга келдим. Аэропортко жеткирип, жакшылап узатты. Күнүнө беш ирет сүйлөшүп жүрдүк. “Москвага кайта турган болгондо айт, акча салам” деген. Бир күнү сүйлөшүп отуруп “УЗИге түшүп көрөйүн” десем, макул болуп 1500 рубль жөнөттү. Дарыгер кистам бар экенин, бирок операция менен алып койсо болоорун, коркунучтуу эместигин түшүндүрдү. Жаман оюм жок баарын күйөөмө айттым.

“Кистаң бар болсо, төрөбөйт турбайсыңбы! Бирибизди кыйнабай эки жолго түшөлү”,-деп, жалдыраганыма карабай кара тизмеге салып, ошол бойдон байланышпай койду.

Эмне кылаарымды билбей калдым. Эч нерсеге көңүлүм жок, жашоо мен үчүн кызыксыз. Кайын-журтума айтсам, алар “бизди укпай жатат” деп тим болушту. Ата-энем “жалдырба” деп урушат. Экинчи ирет турмушум бузулганына элден уялып жатамбы же аябай сүйөмбү, айтоор жаман болуп жатам. Кандай кылып бул абалдан чыга алам?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Азыр күйөөңүз эмне үчүн ушундай кылганын жана ажырашууну чечкенин божомолдоо менен гана биле алабыз. Жагымсыз? Албетте. Бирок, бул анын акыркы чечими жана аны менен эч нерсе кыла албайбыз. «Насильно мил не будешь» деген сөз бар эмеспи. Күйөөңүз чекит койду.

Бул мамилени кайтарып алдыңыз деп элестетели, ал мамиле кандай болот? Күйөөңүз мурдагыдай эле өз эрежесин айтып — убактыңызды, акчаңызды, кийимди кандайча кийип, ким менен сүйлөшүү керектигин толугу менен башкарганын уланта береби. Ошондой болсо дагы, ал бир күнү сизден баш тартып, кетип калбайт деген кепилдик жок.  

Өзүңүзгө төмөнкү суроолорду бериңиз: Сиз кандайсыз? Сизге эмне жагат? Кайда иштегиңиз келет? Катыңызга караганда, ак эмгегиңиз менен тапкан акчаңыздын бардыгын күйөөңүзгө берет экенсиз. Эмне үчүн өзүңүзгө эч нерсе сатып алган жоксуз? Эмне үчүн өзүңүздөн аядыңыз?

Ар дайым иштей турган бир мыйзам бар — «айлана-чөйрө ар дайым өзүбүзгө болгон мамилебизди чагылдырат». Өзүн баалаган аялдарды — эркектер колуна көтөрүп жүрүшөт. Эркекти аябай жакшы көргөн жана анын оозуна караган аял менен эркек каалаганын кылат.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

менен эркек каалаганын кылат.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Курманжан датканын сүрөтү канча сомго түшүрүлгөн? "Алай ханышасы" тууралуу тест

Курманжан датканын сүрөтү канча сомго түшүрүлгөн? "Алай ханышасы" тууралуу тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.