AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм ким менен жүргөнүн айтпайт. Жаш келиндин баяны

Күйөөм ким менен жүргөнүн айтпайт. Жаш келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Башында жашырчумун, азыр ичиме батпайт»,- деп кебин баштаган Айзада (аты өзгөртүлдү) Bilesinbi.kg’ге өз баянын айтып берди. 

Башка кыз-келиндерге барат

Күйөөм экөөбүз баш кошкондон бери ичет. Кол көтөрбөйт, бирок намыстанбайт, иштебейт. Эртең менен кетет, кечинде келет. Үй менен иши жок. 6 жашар балабыз бар, ага карабайт.

5-6 айда бир арагын токтотот. Ичпей калса жумуш таап, иштеп акчасын берип, үйгө азык-түлүк алып, киши өңдөнүп калат.

Ким менен кайда жүргөнүн айтпайт. Анын кайда экенин сурагандарга «билбейм» деп жооп бергенден уялам. Ичип эле тим болбостон, башка кыз-келиндерге барат.

Балам үчүн жашап келем

Үй-бүлөбүздүн максаты жок. Кетип калайын дейм, балам атасын, чоң энесин, чоң атасын жакшы көрөт. Эки жыл күтүп төрөгөн баламды, ушунча чоңойтуп алып, таштап кетсем болбой калат го.

Мындан бир жыл мурун ажырашканбыз. Балам чоң энесинде калган. Ал мага, мен ага куса болуп, айлам кетип кайра келгем. Өзгөрөт экен деп жарашкам, өзгөрбөдү, баягы эле күндөр. Кайын-журтум жакшы, мени колдойт. Күйөөмдүн ичкенин төркүнүм билет. Көңүлүм да муздап калгандай. Кандай кылганда жашоом оңолот?

Асель Баимбетова, психолог psihologiya_kg

Саламатсызбы! Үй-бүлөңөрдө мындай жагдай болуп жатканы өтө өкүнүчтүү. Ичкиликке көз каранды адам менен жашоо абдан кыйын, үй-бүлөнүн бардык жүгүн өзүңүз көтөрүп, күйөөңүздүн милдетин аткарып, ал “запойго” кеткенде, үй-бүлөңүздү жалгыз камсыздап, балаңызды багууга туура келет.

Күйөөңүз аракечтик менен ооруйт, дарылоо керек жана оң жыйынтыкка анын сакайууга болгон күчтүү каалоосу менен гана жетүү мүмкүн. Эгер ушул бойдон кала бере турган болсо, аны менен жашайсызбы же жокпу өзүңүз чечесиз.

Көп учурда күйөөсү ичкен аялдар менталиттеттин, «эл эмне дейт” деген түшүнүктүн айынан чыдап, жакшыга үмүт артып жүрө берет, тилекке каршы аягы алар күткөндөй болбойт. Мындай айымдардын абийирдүү, чыдамдуу, толеранттуу, жоопкерчиликтүү сыяктуу психологиялык өзгөчөлүктөрү өздөрүнө эле терс таасирин тийгизет. Күйөөлөрү бул сапаттарынан пайдаланып үй-бүлөсүнө, жүрүм-турумдарына жоопкерчилик албайт. Бул психологияда  “бири-бирине көз каранды байланыш” деп аталат. Өзүңүздүн тил алчаактыгыңыз, жардамыңыз менен  анын аракечтигин бекемдейсиз. Мисалы:

  • Ал карызга ичимдик алат – сиз төлөйсүз.
  • Ал карызга акча алат, уят деп, сиз кайтарасыз.
  • Бирөө менен урушуп кетет, милицияга барып айып пул төлөйсүз.
  • Ал иштебейт, азык-түлүктү сиз сатып аласыз. Бул учурда ал «ичсем да, жашоого керектүү нерсе бар, жоопкерчилик алуунун кереги жок» деп ойлойт.

Жакындарыңыз менен кеңешиңиз. Жүрөгүңүздү угуп, бир чечимге келиңиз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
20 жылдыкка баргандан уялам

20 жылдыкка баргандан уялам, себеби "газ вода" сатып иштейм. Бүтүрүүчүнүн баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.