AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм келиниме тийишип

Күйөөм келиниме тийишип, көзүмө чөп салса деле катуу сүйөм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү. 

«Классташ кызы менен байланышып жүргөнүн билдим»

Жашым отуздан ашып калды, бир кыздын энесимин. Төрт жыл мурун өзүмдөн бир жаш кичүү жигитке турмушка чыккам. Ошондон бери азап тартып келатам.

Башында эле Медердин туугандары мага каршы болушкан. Менин ата-энем болсо аны дароо кабыл алышты. Болгону мага үйлөнөөрүн айтканда апам “ата-энең келип кызымдын колун сурап, кыргыздын салт-санаасын жасап кетишсин”,-деди.

Кыз-жигит болуп жүргөн чагыбыз. Шаарда үйүм бар. Медер каалаганда келип түнөп кетет. Бир күнү анын үйлөнгөнүнө бир ай болуп калганын билип калдым. Көрсө, анысы менен жашай албай мага келип жүрүптүр. Ошол учурдагы абалымды сөз менен айтып түшүндүрө албайм. Көзүмдөн жаш чыкпай калгыча ыйладым.

Ата-энеси зордоп үйлөнтсө дагы никеге өзү кирди да туурабы? Эгер мени чындап сүйсө бир айласын табат эле. Эмнеге мындай кылды? Акылым жетпейт!

Бир айдан кийин ал байкуш кыз менен ажырашты.

Үйүмдүн алдынан кетпей, бир туугандарыма, ата-энеме жалдырап, туура эмес кылганын, сүйөөрүн айтып, байкуш болду. Андан канчалык алыстаганга аракет жасасам да, жүрөгүм “кечирчи” деп туруп алды. Өзүмө эрким жетпей баштаганда чет өлкөгө билет алдым. Муну Медер билип калып, ата-энесин ээрчитип алдыма түшүп келди.

Апам мени чакырып “өзүңдү да, аны да кыйнаба, жаңылбаган адам болбойт”,- деди.

Медердин апасы мени жаман көрүп отурганы дароо билинди. Бир убакта “балам үчүн эле келдим” дегенде, апам ачууланды. Жыйын көпкө узады. Акыры эки тарап сүйлөшүп, экөөбүзгө баталарын беришти. Катуу сүйгөнүм үчүн Медерди кечирдим. Нике кыйып, бир үй- бүлө болуп калдык. Анан балээнин баары башталды.

Классташ кызы менен жатып жүргөнүн билдим. Намысына тийчү сөздөрдү айттым. Кол көтөрдү. Кечирдим.

Москвага кеттик. Мени иштетпей үйгө отургузуп койду. Өзү ар дайым жасанып, жакшынакай кийип жүрөт. Мен алтын же кийим алып бер деп бир да жолу айтпадым. Балалуу болууну чечтик. Текшерилсек күйөөмдө көйгөй бар экен. Дарыланды. Боюма бүттү. УЗИден кыздуу болоорун укканда сөгүндү. Капа болдум. “Кыргызстандан төрөйсүң”,- деп, каршы болгонума карбай үйгө салып жиберди. Толгоом келгенде бейтапканага жалгыз бардым. Жанымда эч ким болгон жок. Жездем келип чыгарып кетти. 

Төрөгөнүмө 20 күн боло элек жатып, Москвадан иним чалды. Ал аялы, мен Медер менен чогуу бир батирде турчубуз. Күйөөм келинимди төшөккө тартып тийишкенин айтып урушуп кирди. “Сиз болбогондо жездемди тирүү койбойт болчумун”,-деп трубканы басып койду.

Медер менен байланышсам унчукпады. Күнөөлүү экенин билдим. Ошол бойдон чалса албай койдум. Жаңы жылда эч нерсе болбогондой учуп келди. Кызын эркелетип, мага көңүл бурган жок. Бир айдан кийин кайра Москвага кетип калды. Башында акча салып турду. Кийин жумуш болбой калганда кызын чалып сураганга жараган жок.

Көп өтпөй статусуна бир кыз менен түшкөн сүрөтүн коюп алды.

Медер үчүн оорукчан болуп калдым. Учурда нервдин дарыларын ичип жүрөм. Аны оюмдан чыгаргым келет, бирок күчүм жетпей жатат. Катуу сүйөт экенмин. Канткенде аны кайтарып же унута алам?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызды окуп жатып, азап чегүүдөн ырахат алган адам сыяктуу сезим калтырдыңыз.

Мамилеңердин кандайча өнүккөнүн башынан карасак, сиз ар дайым анын каалоосун аткарып жүрдүңүз. Ал башка менен жүрсө да, кечирип жаттыңыз. Ага кечирим сурап, алдыңызга чөгөлөп, бир нерсе жасоонун деле кереги жок болчу. Ал эч нерсе болбогондой жүрө берди.

Кыязы, аялдар курмандык болгонду жакшы көрүшөт: кыйналып, чыдап, өзүнө эч нерсе сурабай. Анын жакшы кийингенин белгилеп кеттиңиз. Кызына, өзүңүзгө кийим суроого эмне тоскоол болду?

Эгер жагдайга жалпылап карасак, анда кеп Медер жөнүндө эмес. Ар бир курмандык өзүнүн кыйноочусун, шылдыңдап, уруп, чыккынчылык кылган адамды табат. Курмандык көз жашын төксө дагы чыдап, кечирип, сыймыктануу менен бактысыз жашоодо жашайт. Эгер сиз күйөөңүз менен ажырашып кетсеңиз да, анда ушундай эле бирөөгө жолуга турганыңыздай сезилет.

Эркектер өзүн сүйгөн аялдарды гана жакшы көрөт. Айталы, ыңгайсыз болуудан коркпогон жана чечим кабыл алып жатканда ар дайым өзүнүн каалоолорун эске алган, белек, жардам сураган, өзүн баалаган. Эркектердин психологиясы ушундайча иштейт.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм “красавчикмин”

Күйөөм “красавчикмин”, экинчи аял алсамбы” дей берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.