AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм эмнеге мени төркүнүмө кетире албай кыйнаганын билип шок болдум

Күйөөм эмнеге мени төркүнүмө кетире албай кыйнаганын билип шок болдум

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

— Баргым келбей эле.

— Апамдардан кабар алып кел да, бир-эки күн.

— Жакында майрам, анын үстүнө жол алыс, барбайм.

— Кой, барып кел, майрамга келип каласың, барып келчи.

— Сага эмне болгон? Баары тынчпы? Демейде кетиргиң келбейт эле го…

— Эми апаңа барып кел дегеним эле… Барып келесиңби?

— Макул, азыр апам менен сүйлөшөйүн.

Күйөөм сүйүндү. Мен таңкалдым. Бир нерседен шекшидим. Бул бир нерсенин үстүнөн чыкканы турат. Демейде, «сагынып кеттим», «качан келесиң», «балдарды сагындым» деп жанымды койбойт. Бул ирет кетиргенге шашып жатат. Кызык…

Балдарга таенесине барабыз десем сүйүндү. Ары-бери чуркашып, даярдана баштады. Күйөөм дагы жыргап жүрөт. Акыркы убактарда башкача, колунан телефон түшпөйт. Сүйлөшүп жатканда кире калсам, телефонун өчүрүп же башка бөлмөгө чыгып кетет. Жашырынып калды. 

Апама чалсам ал дагы таңкалды. «Ай, келе бер, бирок жол алыс, балдар менен кыйналбайсыңбы» деди. Балдарым сүйүнүп алган, айла жок барышым керек. Алардын көңүлүн түшүргүм келбеди. 

Күйөөм таксиге салып, өзү шашып жөнөп кетти. Жалдыраган боюнча кала бердим. Балдарым жыргап жатышат. Мен ичимден күйүп жаттым. Мээме кандай ойлор келип жатканын айтпасам дагы билип турсаңар керек. 

Эки күн мага миң күндөй эле болду. Күйөөм жеткенде бир жолу чалды, ошол бойдон жок. Мен чалсам бат-бат сүйлөп коюп коет. Үйгө жеткенге көзүм төрт. Сениби шашпа! Баары бир билем! Мени кетирип алып эмне кылып жатасың, ыя…

Тосуп алам деген жок. Чалсам телефону өчүк. Балдар менен жүдөп маршруткага түштүм. Ачуум мурдумун учуна келди. Беш эчким тоодон түштү. Эртең 8-март, майрам. Көңүлүм жок. 

Көргөн көзүмө ишенбедим. Таңкалып туруп калдым. Колумдагы апам берип жиберген эт менен алмалар жерге түштү. 

Мен каалаган кухня. Кыялымдагы кухня. Столдор, шкафтар… Ааааа… Мынча кооз. Ары-бери чуркап, баарын ачып, кармалап, ишене албай турдум. Бир келип күйөөмдү өбөм, кайра барып шкафты ачам, столдорду ары-бери жылдырам. Мен каалаган кухня!

Күйөөм майрамым менен куттуктап, мен көптөн бери кыялданып жүргөндөй кылып ашканабызды ремонттоп, жаңы мебелдерди алыптыр. Бут мен каалаган, бир учурда ага көрсөткөндөй. Мен бактыман шок болуп туруп калдым. 

Күйөөм жактыбы десе, ананчы деп ары-бери чуркап жүрдүм. Рахмат алтыным! Рахмат берекем! 

«Ииий, ким менен жүрөт деп ойлодуң э» десе, уялганымдан күлүп жибердим. Сонун сюрприз болду. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апаңарды көзү барда майрамы менен куттуктабасаңар

Апаңарды көзү барда майрамы менен куттуктабасаңар, мендей болуп сыздап каласыңар

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.