AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм эмнеге аялдамадагы келинди караганын билип көзүм жашылданды

Күйөөм эмнеге аялдамадагы келинди караганын билип көзүм жашылданды

21 июля, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөбүз базарга түшкөнбүз. Батир акысынан калган тыйындарды топтоп картошка, макарон, пияз анан май алдык. Чайыбызга жетпей калды. Бир ай кайнак суу ичебиз деп кайгыбызды күлкүгө салып коюп базардан чыктык.

Маршрутка күтүп турсак аялдамага бир келин келди. Кыязы, такси чакырган окшойт. Улам бирөө менен сүйлөшүп даректи айтып жатты. Анчейин деле маани берген эмесмин. Бир маалда күйөөмдүн көзү анда экенин байкадым. Кызгандым. Билгизбедим. Сүйлөсөм жооп берип коет, кайра эле аны карайт. Маршруткабыз келип калды. Түшүп баратып дагы карады.

Үйгө маанайым жок келди. Күйөөм картошка кууруп дасторконго чакырды. Экөөбүз кезектешип тамак жасайбыз. Анан “каблук”, “лох” деген сөздөрдү айтпай эле койгула. Биздин үй-бүлөнүн эрежелери ушундай. Ар дайым кол кармашып, бирибизден өйдө же ылдый эмес, жанаша жүрүүнү чечкенбиз.

Столго келип отурдум. Эч нерсе болбогондой тамак салды. Эки көзүм анда. Айтсамбы же айтпасамбы? Өзү сөз баштады.

— Жаным, жанагы келинди көрдүңбү?

— Мага караганда сен жакшы байкадың окшойт.

— Колундагы шакеги, сөйкөсү комплект экен, гүлдөрү сонун, өзгөчө жасалаптыр э?

— Байкаган жокмун. Аны эмне айтып жатасың.

— Буйруса сага ошондой алып берем. Сен дагы сонун шакек, сөйкө тагынасың. Алдыгы бүрдөп кеткен эски пальтоңду ыргытып, жакшынакай шуба киесиң. Бутума турарым менен сага жанагы келиндикиндей сөйкө алып берем. Ага караганда сенин жүзүңө сонун жарашат. Эх, акчам эле болгондо, кайдан алганын сурамакмын.

Сүйлөнүп коюп тамагын жей берди. Көзүм жашылданып, колдорум титреп чыкты. Күйөөм ал алтындарды алып бербесе дагы, ушул сөзү эле мага жетиштүү болчу.

— Эмне болду? Эмнеге ыйлап жатасың?

— Мурчту көп сээп алыпмын, оозум ачышып кетти.

— Кел мен тарапты же.

Тарелканы жылдырып мага мурч себилбеген жагын берди. Мен тамак жебей аны суктанып карап отура бердим.

Андан бери көп жыл өттү. Жашоонун ысыгын дагы, суугун дагы көрдүк. Бир нерсени айтып коюн, күйөөм сөзүнө турду. Туулган күнүм болобу, майрам болобу, же кадимки күндөрдө, колуна акча тийсе эле мага шакек менен сөйкө көтөрүп келет. Тагынсам сүйүнүп, дагы башкачасын көргөнүн, эмкиде аны алып берерин айтат.

Азыр бул баянымды окуп жаткандыр. Анткени силерге катталуу. Жаным, мен сени жаш кезектен дагы катуу сүйөм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм мени сабаган эмесмин деп жүрүптүр

Күйөөм мени сабаган эмесмин деп жүрүптүр, бир учурду айтып оозун ачырдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.