2017-жылы турмушка чыктым. Үйлөнгөнүбүздө күйөөмдө эч нерсе жок болчу, жөнөкөй телефон көтөрчү. Жыл айланып кыздуу болдук. Бул убакыт аралыгында тапкан акчасын тырышып жыйнадым: там салдык, мал кылдык, өзүнө машина алды. Тамыбыз бүтсүн деп жүрүп, өзүмө эч нерсе албадым.
Өзүм тың аялмын: тамактын түрүн жасайм, күйөөмдүн кийимдерин таза кармайм. Ошентсе да, акыркы күндөрү жолдошум такыр өзгөрүп кетти. Үйгө кечинде келет, телефонунун карматпайт, продукт алганга акча бербейт. Акырын сүйлөшөйүн десем, уруш чыгарат. Ата-энем азык-түлүк алып келип таштап кетишет. Акыры өз үйүмө келе бердим. 2 ай өттү, бир да жолу чалган жок.
Салып жаткан үйүбүз, анын машинасы эч кимдин атында эмес. Мүлктү бөлүшө аламбы? Күйөөм өзү такси айдайт. Алиментке тапшырам десем, «мен эч жерде иштебейм, акча чыкпайт» деди. Эмне кылсам болот?







