Саламатсызбы! Менин жашым 27де. Жолдошум менен ажырашсамбы же үй-бүлөмдү сактап калсамбы деп башым катып турат. Адистин кеңешине муктажмын. Үй-бүлө курганыма быйыл 2 жыл толду. Жолдошум менен беш жыл сүйлөшүп жүрүп турмуш курганбыз. Ортобузда сүйүүбүз бар. Бирок акыркы күндөрү сүйүүдөн деле эч нерсе калбагандай.
Жолдошум билимдүү, ыймандуу, сымбаттуу. Турмушубуз дагы жаман эмес. Бишкектин борборунда батирибиз, жакшы уюмдарда жумушубуз бар. Тапкан акчабыз дагы жетиштүү. Кыскасын айтканда турмушум шүгүр. Бирок, жолдошум экөөбүздүн интимдик жашообуз там терсинен.
Экөөбүз нике түндөн баштап эле төп келбей келебиз. Төп келди дегенде, мен канааттанбай келем. Эки жылдан бери бир дагы жолу “өз ишимди бүтүрө” албадым. Жолдошум бул иште бир аз олдоксон. Башын жакшы баштап эле, “ишин” аягына чыгара албай чарчап калат. Ден соолугу чың, ал жагынан көйгөй жок. Бирок жыныстык жашоодо жүдөө.
Эң күлкүлүүсү жана кейиткени кыздыгымды жолдошум эмес, гинекологум кокусунан ажыратты. Турмушка чыгып, жашаганыбызга 2-3 ай болуп калган маал эле. Дарыгерге текшерилгени баргам. Гинеколог текшерип жатып бир убакта кыздыгымды тешип алды. “Ой, сиз турмуштамын деп айтпадыңыз беле? Сиз кыз турбайсызбы!” деп чочуп кетти. Өзүмүн таң калганымды айтпай эле коеюн. Жолдошумун ушул ишке алы жетпегени бир туруп жиним кайнап, бир туруп боорум ооруп кетти. Экөөбүз төшөктө жатып эле жүргөнбүз, бирок мага ыңгайсыздык, оорулуу болуп жаткан. Көнүп кетем деп жүргөм. Кыз бойдон жүргөнүмдү кайдан билди дейсиз? Бул нерсе жолдошума дагы катуу тийди. Көпкө сүйлөшө албай жүрдүк. Бирок аны менен дарыгерлерге чогуу баралы деген сунушту түк кабыл албайт. Эркектик намысына тиет. Башкалар билип калат деп уялат. Андан да ал өзүнүн ишин дайыма бүтүрүп алат. А мен болсо ошол күндөн бери канааттанбай келем.
Интернет, китептерден окуп, көп түрлөрлүн жасап көрдүк. Жолдошум мен каалаган нерселерди жасап да көрдү, бирок мени кандыра албай жатат. Мунун артынан урушуп дагы кетебиз. Кээде туруп башка бирөөгө басып кетсемби дейм, уятыма чыдабайт. Же туруп ажырашсамбы дейм, бирок жолдошум сонун адам. Гинекологумдан башка эч ким билбейт. Мындай көйгөйүмдү кимге айтмак элем? Адистин кеңешине муктажмын.







