Менин 2 балам бар. 2017-августа ЗАГСка турдук, 2019-жылы сентябрда ажыраштык. Соттун буйругу бар, 16-апрель, 2019-жылы алимент боюнча 2 балама төлонсүн деген. Күйөөм бир дагы алимент төлөгөң жок, эч жерде иштебейм, «отказ» жазып берем дегенге чейин барды. Балдарымды алып кетип, эки ай карап кайра алып келип турушчу. Жашаганга аракет кылып көп жолу бардым, акыркы жолу 2021-жылы жайында мени уруп сабаганынан кетип калдым. Ошол бойдон балдар ортодо жүрдү. Көбүнчө мен карап жаттым, буга чейин деле 1 айга, 2 айга алып кетебиз дешкенинен макул болчумун. Мен 2022-жылы жайында башкага турмушка чыктым. Менин 2 баламды дароо алып кетип калышты. Шаарга келгенде көргөзүшкөн жок. «0» класска беребиз дешип кызымдын документин сураганынан берген эмесмин. Ошол үчүн шаарга келгенде көргөзбөй коюшуптур. Азыр кызымдын күбөлүгү аларда, 0-класска барып жатат. Мени менен анча сүйлөшүшпөйт. Балдарымды энеңер эрге тийди деп жаман сөздөрдү айтып мага каршы кылып жатышат. Сурайын дегеним ошондо балдарды мага калтырды беле сот? Ажыраштырган сотко кайрылып соттун токтомун алышым керекпи же соттун буйругу жарайбы? Мен балдарымды алгым келет, бул күйөөм менен ЗАГС жок. Жакшы бала, ата-энеси да каршы эмес. Биринчи күйөөм соттошсоң ызы-чуу кылам деп коркутуп жатат? Кийим алып берип же акча салсам, «салба» деп чалып жаман сөздөрдү айтат. Баса, балдарымдын атасы Бишкекте жашайт, ата-энеси айылда, балдарым ошол жакта. Кандай кылып балдарымды ала алам?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







