Саламатсызбы! Мага психологиялык жактан кеңеш керек болуп жатат. Азыр алты айлык боюмда бар, күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга 1,5 жыл болду. Бир жарым жылдан бери үч жолу алдады. Мага чейин бир кызды жакшы көрчү экен, эмнеге экенин билбейм, ага эмес мага үйлөндү. Бойдок кезде мени менен да, аны менен да сүйлөшчү экен. Мен аны билгенден кийин кечирим сурап «кайра кайталабайм» деген, бирок ошондон бери эки жолу кайталады. Азыр сырт жакта, ойлоно берип жинди болуп кеттим. Ал кызды дагы деле жакшы көрөт экен, унута албай жатыптыр. Балам үчүн унчукпай жашап келе жатам же күйөөмдөн кетип өзүм тирилик кылсамбы? Сырта болгону менен акча салбайт, иштебейт. Балам төрөлгөнчө иштеп өзүмдү-өзүм карап кетсемби дейм. Ойлоно берип кыйналып кеттим.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







