Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма бир жыл болду. Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз, экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө башка кыз менен да сүйлөшчү экен.
Кийин аны издеп таап алып, кайра сүйлөшүп жүрүшүптүр. Мен билип калганымда, “болду, жок кылам”, — деген. Көп өтпөй кайра эле баштаптыр.
Экөөбүз сүйлөшпөйбүз, сырдашпайбыз, башка жакта жүргөндө “мага чалбай жүр”, – дейт. Балалуу да боло элекпиз. Эмне кылсам, ажырашып кетсемби?







