AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм балалуу болгуча сүйбөй турганын айтты. Жаш келиндин баяны

Күйөөм балалуу болгуча сүйбөй турганын айтты. Жаш келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жаш келиндин катында үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктар жөнүндө баяндалат.  

Бир сөзү менен жүрөгүмдү муздатты

Күйөөгө тийгениме 9 ай болду. Жолдошум менен туугандар аркылуу таанышканбыз. Аны бир көргөндө эле жактыргам. Ата — энелерибиз сүйлөшүп, жолугушуп жатып, акыры баш коштук. Мени сүйөт го деп ойлогом…

Турмуш кургандан кийин мамилеси салкын эле. Кыязы, көнүшпөй жатабызго, деп өзүмдү жубатып жүрдүм.

Күйөөм үйдүн жалгыз, эрке баласы. Шаарга бөлүнүп келдик. Мамилеси өзгөрбөдү.

Көрсө, мага чейин бир кыз менен 5 жыл сүйлөшүп, бир үй-бүлөдөй жашап жүрүптүр. Анысына үйлөнмөкчү болуп, кийин экөөбүз таанышып калып, пландары бузулуп кетиптир. Мунун баарын кийин билдим. Дагы өзүмдү сооротуп, булардын баары мага чейин болгон дедим.

Үйдө тамактанып олтурганбыз. Күйөөм капыстан:

— Мени сүйөсүңбү?- деп сурады.

— Сенчи?- дедим

— Жаным, мен сени жакшы көрөм, балалуу болгондо сүйөм.

Башымдан ылдый муздак сууну куюп жибергендей болду. Ошол күндөн тарта, “мен бул жерде ким жана эмне үчүн жашап келем?» — деген суроо жанымды кыйнайт. Бул суроону канча ирет өзүмө бердим. Дале жооп таба элекмин. Суранам, мага кеңеш бергилечи.

Адис эмне дейт

Психолог Асель Баимбетованын айтымында убагында кыз-жигит болуп сүйлөшпөгөн адамдар, баш кошкондон кийин жакындан тааныша баштайт:

— Сиз да, күйөөңүз да бири-бириңерди жакшы билчү эмессиңер, эми гана таанып жатасыңар. Бул сүйүү дароо пайда болот дегенди билдирбейт. Үй-бүлө сүйүү менен гана кармалып турбайт, жактыруу сезими, ортодогу бала, жалпы туугандар, бизнес же белгилүү бир статус да маанилүү роль ойнойт. Балким, күлгүн көз айнекти чечип, реалдуулукка көз чаптыруу керек?

Силерде баары эми башталууда. Күйөөңүз, өзүңүз, мамилелериңиз жөнүндө жаңы нерселерди билип жатасыз. Күмөн санап жатканыңыз нормалдуу көрүнүш.

Жолдошуңуз сиз менен чынчыл болуп, болгонун болгондой ачык айтыптыр. Мунун жакшы жагы да бар. Айткан сөздөрүнөн кыр издеп, мени сүйбөйт, башка кыздары бар деп күмөн санап, коркуп жатканыңыз түшүнүксүз.

Ооба, силерди тааныштырды, үй-бүлө курдуңар. Эми, үй-бүлөңөрдө жалпы кызыкчылыктар, максаттар, баалуулуктар пайда болушу үчүн экөөң тең аракет кылышыңар керек.

Аял менен күйөөнүн ортосундагы мамиле өзүнөн-өзү бекемделбейт. Анын үстүндө көпкө чейин иштөө зарыл: кээ бир жерде сабырдуу, кээ бир жерде өзүң жөнүндө айтып берүү, кээ бир жерде ыкташуу дегендей. 

Психолог дароо ажырашуу тууралуу ойлонуунун кажети жок экенин кошумчалап, жубайларга психологго кайрылып кеңеш алууну сунуштай кетти.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем кайын атамын байпагын жуудурат. Шаардык келиндин баяны

Кайын энем кайын атамын байпагын жуудурат. Шаардык келиндин баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.