AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм байыгандан кийин мени таштап кетти. Уулумду да кармай албадым

Күйөөм байыгандан кийин мени таштап кетти. Уулумду да кармай албадым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Күйөөм, уулум анан мен болуп бактылуу эле жашачубуз. Эл коргөн күнду көрүп, жай турмушубузду өткөрүп жүрдүк. Бир күнү күйөөм шаарга барып иштеп келейин, антпесем оокатыбыз өтчүдөй эмес. Ишим оңолору менен келип, уулум экөөңөрдү алып кетем, — деди.

Башынан эле бул ою жаккан эмес. Каршы болуп жүрдүм. Акыры күйөөм көндүрүп, айла жок макул болдум. Эки башка жашай турганыбызга ичим ачышып, аны кое бергим келген жок. Күйөөм кеткенден кийин аябай куса болуп сагынып жүрдүм. Келишин күтүп, күн санап жүрдүм.

Башында ай сайын акча салып, эки күндө бир байланышып турчу. Убакыт өткөн сайын акыбал сурашуу улам сейрек болуп, жарым жылдан кийин акчасын да салбай калды.

Уулум экөөбүздү багуунун айласын көрүп, жер-жемиш сатып базарга чыктым. Керээлден кечке, ысыкта да суукта да жаанда да базарда турам. Уулум ырас жардамдашат. Сабагынан эртерээк бошосо тамак жасап, чай коюп мени күтөт. Баламдын эстүү болуп чоңоюп келатканына ичим жылыйт.

Арадан үч жыл өттү. Күндөрдүн биринде, кымбат машине тепкен бирөө үйүбүздүн алдына келип токтоду. Ким экен, деп терезеден карап туруп калдым. Күйөөмдү көрүп, көргөн көзүмө ишенбей, сыртка кантип чуркап чыгып, анын моюнуна асылып, кучактап калганымды билбейм. Атасынын келгенине кубанган уулубуздун да төбөсү көккө жетип турду.  

— Жүр, үйгө кир. Мен сенин келээриңди билгем. Байланышка чыкпай калганыңда күндө кудайга жалынып, сенин өмүрүңдү, амандыгыңды тилегем.

Күйөөмдүн ыңгайсыздана түшкөнүн этибар алган жокмун. 

— Рахмат. Кирбей эле коеюн. Мен бул жака башка иштер менен келгем. Экөөбүз эки жакта жашап жүрүп сага болгон сезимим сууп калды. Түшүнүп жатасыңбы? Мен сени менен ажырашканы келдим — деди салкын. 

— Ажырашам? Ишим жүрүшкөндө экөөңөрдү алып кетем дебедиң беле. Мен сени күтпөдүмбү. Эмнеге ажырашам деп жатасың? Унүм титиреп, көзүмө жаш тегеренди. Күйөөмдүн, бир чети кыжыры кайнап, бир чети алсыздана түштү.

— Эмнеси болсо да, мен сени менен жашабайм. Башка бирөөнү сүйүп калдым. Экөөбүз баш кошуп алганбыз.

— Уулубузчу? Уулубузду кантебиз?

— Мен баламан эч качан баш тартпайм. Кааласа алып кетем.

Экөөбүз жанатан бери бизди угуп турган балабызга үңүлө карадык.

— Уулум, мени менен кетесиңби. Мен сени шаардан жакшы мектепке окутам. Эч нерседен кем болбойсуң. Бизнесим жакшы жүрүп жатат. Каалаган нерсеңди алып берем. Кетесиңби? – деп атасы сурады.

Менде «балам атасына макул болбойт, мага абдан жакын, экөөбүз ынакпыз, мени таштап кетпейт» деген ишенимим бар болчу.

— Ооба, кетем. Мен сиз менен жашагым келет, ата!

Уккан кулагыма ишенген жокмун. Нес болуп эле туруп калдым.  

— Эмне? Эмне үчүн мени таштап жатасың, уулум? Дагы бир жолу ойлонуп көрчү?!

— Атам бай, ал мен каалаган нерсемди сатып берет. Мен аны менен кетким келип жатат.

Балабыздын сөзүн угуп турган күйөөм мыйыгынан жылмайды.

Көнбөскө аргам калган жок. Баламдын жупуну кийимдерин чогултуп бердим.

– Кереги жок, жаңысын сатып берем, деди күйөөм.

Эң жакын деп эсептеген адамдарым ушундай чыккынчылыкка барганы жан дүйнөмдү өрттөп жатты. Күйөөм го мейли, бирок балам? Кантип ушундайга барды? Өлүп алгым келди.

Кайсынысын тандасам? Асынып алсамбы, же кан тамырымды кессемби, же машиненин алдына боюмду таштасамбы…

Иши кылып ызама чыдабай, көз жашымды көлдөтүп эле отуруп калдым.

Бир кезде бир ой кылт этти. А балким, балам өгөй энеси менен батышпай кайра мага келет. Келгенде мени таппай калса кантет? Ал болгону бала да. Билбестик кылып алды окшойт. Жок, мен уулум үчүн жашашым керек! – деп чечим чыгардым да, кайраттанып күнүмдүк тиричилигимди жүргүзө бердим.  

Бир нече айдан кийин почточу конверт таштап кетти. Мурда-кийин эч ким менен кат алышып көргөн эмес элем. Карасам конвертте үйүмдүн дареги жазылып турат. Ичин ачып карасам 100 доллар, анан чакан кагазда “Мен сизди жакшы көрөм”, деп жазылган кат бар экен.

Мындай конверттер ай сайын келе турган болду.

Ал акчаны короткондон корктум. Бардыгын чогултуп, бир жерге кынаптап катып койгом. Адашып туура эмес даректи жазып алышкан окшойт. Кийин төлөмөр болуп калбайын, деп ал акчаны короткон жокмун.

Кезектеги катты алып жатып, анын мурункулардан айырмаланып калыңыраак экенин байкадым. Конвертти ачкыча шаштым кетип, ичинен чоң катты алып чыгып окудум:

“Апа, кандайсыз? Бул мен, сиздин уулуңуз. Сиз мени жакшы көрөрүңүздү ар дайым билип келгем. Атамды тандап кетип калгандан бери кайгыга салып койгонума көзүм жетип турат. Мени кечириңиз. Бирок менин чыныгы ниетим башка болчу. Мен сизге жардам бергим келди. Сиз менен калсам, атам мага, сизге жардам бермек эмес. Ал күндө мага акча берет. Мен аларды чогултуп сизге ай сайын салып турууну чечтим. Апа, өзүңүздү караңыз. Мен үчүн кам санабаңыз, кайгырбаңыз. Сизди күндө эстейм. Мен сизди сагындым. Чоңойгондо сөзсүз үйгө келип, сизди жаныма алып кетем. Бардыгы жакшы болот!”

Көз жашы катка тамчылап түшүп жатты. Ыйлап да, күлүп да отурдум. Көрсө уулум эч качан мени таштабаптыр, ал болгону ушинтип жардам берүүнү туура көрдү. Мезгили келгенде, балам сөзсүз кайтып келет.

Кандай дейсиңер бала айткан сөзүнө турабы?

Маалымат бул жерден алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аял оргазмга жетүү үчүн эмне кылышы керек?

Аял оргазмга жетүү үчүн эмне кылышы керек?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.