Мен кичинекей кезимде эле ата-энем ажырашып кетишкен. Апам менен калгам. Атам ушу күнгө чейин бизден кабар албайт. Атама катташалы деп көп ирет сурандым. Ал такыр болбой койду, дагы деле мага таш боор мамиле жасайт.
Мен эми чоңоюп, бой жеттим. Көп кыйынчылык көрүп өстүм. Келечекте балдарымдын мага окшоп кыйналышын каалабайм. Ошондуктан болочок балдарымдын атасын туура тандагым келет.
Ошол эле учурда күйөөгө тийгенден аябай корком. Балким, жаңылып калып, өмүр бою өкүнүп, же кыйналып жашасап калсамчы, деп.
Эркек балдардан корком, алар менен сүйлөшө албайм. Кантип аларга ишенип, сүйүп, жакшы көрсөм болот?
Өзүмө койсо, үй-бүлө курбай эле жүрө бергим келет.







