Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Баш кошуп жашаганыбызга төрт жыл болду, ортобузда эки балабыз бар. Бардыгы кудайга шүгүр.
Бирок мен кайын ата, кайын энеме эч жага албай койдум. Кайын ата, кайын энемден укпаган сөз калган жок, басып-туруп мени жамандай беришет. Өзүм тың эле келинмин, тамакты да түрлөп жасайм.
Күйөөм ата-энесинин сөзүн эки кылбайт, анысы жакшы дечи. Бирок мени жамандагандарын уга берип, акыркы күндөрү кол көтөрчү да болду.
Урушуп да көрдүм, айтышып да көрдүм, укмаксанга салып да көрдүм, үйдөн кетип да көрдүм. Айла жок, балдар үчүн чыдап жашайт экенсиң, анын үстүнө күйөөм да, “Кетпе, сен кетсең мен эмне кылам? Ортоңордо жүрүп мен эле кыйналдым”, “апамдын кыялы ушундай, чыда”, — дейт.
Өзүнчө бөлүнүп жашай албайбыз, анткени жалгыз эркек. Ата-энесин таштап кете албайт.
Сабырым түгөндү. Кантип жашайм? Мындан аркы жашоом кандай болот?







