AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кудай сүйгөн Куйручук

Кудай сүйгөн Куйручук

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
586
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Куудул, чечен, балбан, сынчы, жомокчу, олуя, көрөгөч, төкмө Куйручук – (Кудайберген Өмүрзак уулу) 1866-жылы Жумгал районунун Кызылтуу айылында жарык дүйнөгө келип, 1940-жылы көз жумган. Энесинен эрте ажырап, жаштайынан байларга жалданып иштеп, башынан оор күндөрдү өткөргөн. Балачагынан жакшы менен жамандыкты ажыратып, эл турмушуна жакын болуп чоңоет. Ал чукугандай сөз табар, бай- манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбай ашкерелеп, куудул катары тааныла баштайт. Ошондон улам эл аны Куйручук атка кондурушкан экен. Анын «Бейиштеги үн», «Арбак», «Айып кимде», «Жалаа», «Манасым барда кайда болсо коном» жана башка жоруктары эл арасында кеңири белгилүү.

Куйручуктун жооруктары

Куйручук алты жашка чыккыча баспай, энеси жумуш кылып жатканда аны ар дайым бешикке бөлөп койчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде Куйручук бешикте жатса, үйгө жолоочулар кирип калышат. Апасы конокторго дасторкон жайып, жаңы бышкан каламаларын коноктордун алдына коюп, азыраак эти менен чучугун салганга табагы жок кошунаныкына табак сураганы чыгып кетет. Коноктордун чыдамы кетсе керек, каламаны сындырып жеп салышат. Аңгыча бирөөсү: “Ашканада дагы эмнеси бар экен? Карачы, жей берели”, – дейт. “Бышкан эт, чучук бар экен”, – дейт экинчиси. Этти, чучукту алып келип, төө чепкен кийген улуусу макиси менен кескени жатканда сырттан дабыш угулат. Андан жазганган неме чучукту жеңине ката салат. Кайсактап апасы чучукту издеп жатса, Куйручук: “Апа, чучукту издеп жатасыңбы? Ал тиги төрдө отурган сакалчан чалдын жеңинде”, – дейт. “Кокуй, бул эмне деген шумдук! Бешиктеги баласы сүйлөп…” – деп үчөө тең эшикке чыга качышат. Ошондон кийин баягы киши: “Бешиктеги баланы көрсөм бүткөн боюм дүркүрөйт”, – деп калчу дешет.

Куйручук жолоочулап Токмок шаарына барып, жума күнү чоң мечитке кирет.

— Молдоке, менин селдем жок эле, кандай кылам? — дейт Куйручук.

— Куруңуз болсо деле башыңызга чалып алсаңыз боло берет — дейт ыймам.

— Курум да жок эле — деп Кукең эшикке чыга калса, көчөдө кисе байланган бирөө өтүп баратыптыр. Аны чакырып: «Сен менин чепкенимди кармап тур дагы, кисеңди мага бер, намаз жума окуп чыга калайын» дейт. Анын кайыш курдагы кисесинде бычак, устара, кыскасы бардык сарамжалы толук экен. Тимеле шарак-шурак этет. Аны башына байлап алып мечитке кирет. Элдин арткы сабына кошулуп, намазга турат. Бир маалда эл менен кошо эңкейип, намазга жыгылганда башындагы кисе шарактап кирет. Бир тобу бышкырып күлгөн бойдон эшикке чыга баштайт. Андан кийин алдыңкы сапка барып кошулуп, эңкейип кисени шарактатса, ал катардагылар да бүлкүлдөп күлүп, катар сабы бузулуп, бирден чубап сыртка чыга башташат. Анан эң алдындагы имамдын жанына барат. Имам намаз шартына ылайык, кылчайып «салам берем» деп көрө салып күлүп жиберет да:

— Шум киши экенсиз. Намазды буздуңуз. Элдин даараты сынды. Зор күнөөгө чалындыңыз, башыңыздагы эмне? — дейт.

— Молдоке, селде чалынгыла, жок болсо кур болсо деле жарайт деп өзүңүз айтпадыңыз беле. Тебетейчен окуганга жол бербедиңиз. Эшиктен бирөөнүн курун алып, чалындым. Атайлап намазды бузганым жок. Айтканыңызды кылдым. Сиз күнөөкөр болдуңуз го. Селде таап бериң эмесе! — деп имамдын селдесин анын ооз айыбына алып кете берет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кыргызстан ЖОЖдорунун кабыл алуу шарттары

Кыргызстан ЖОЖдорунун кабыл алуу шарттары

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.