AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кудагыйымдын сөзүн тыңшагандан кийин кызымды жибербейм деп чечтим

Кудагыйымдын сөзүн тыңшагандан кийин кызымды жибербейм деп чечтим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет атанын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Мен кызымдын алдында күнөөлүмүн. Канча ирет алдына барып кечирим сурагым келет. Могу жүрөктөгү өкүнүч мени кыйнап бүтмөй болду. Аттиң, ата-эне ар дайым эле баласына эмне жакшы болорун билбейт тура…

— Ата, тийбей эле коюнчу.

— Сөз бүттү, башымды оорутпа, даярдан.

Апасы экөөбүз кызымды кудалап келген тарапка бермей болдук. «Кызды сурап келгенге бериш керек» деген неме барго, ошого такыр ишенбегиле. Каникулга келген кызымды окуусуна баткысыз кылып узаттык. «Күзүндө тоюңа камынабыз, экзамендериңди бүтүрүп кел» дедим. 

Түндө ойгондум. Кызым ыйлап жатыптыр. Акырын барып бөлмөсүн тыңшадым. Кире албадым. Азыр ыйласа, кийин рахмат дейт дедим. Бечара кызым ай, акылсыз атаңды эмнеге уктуң экен. Сенин сыйыңа берген жообум, тагдырыңды талкалаганым болду.

Сыртынан бактылуу көрүнгөн кызым кордук көрүп жүрүптүр. Мен ата катары ошону сезе албадым. Баласынын бактысыз экенин көрө албаган ата-энеин барынан жок жакшы… Аттиң…

Кудаларым үйгө конокко келишкен. Менин туулган күнүм болчу. Кокустан кудагыйымдын сөзүн угуп калдым. Мени байкабай сыртта телефон менен сүйлөшүп жаткан экен. 

«Эмне кирди жуубай кетиптирби? Ата-энесине барабыз десек көөп кеткенго! Ага көрсөтөм! Балам мурдагыдай кылып тарбиялап коет! Шашпасын! Жарыбагыр!»

Кеп кызым жөнүндө экенин билдим. Колум титреп чыкты. Сыртынан күлгөн , кызымды кыз кылып аларын айткан кудагыйымдан мындайды күткөн эмесмин. Дароо кызыма бардым. Идиш жууп жаткан экен. Колундагы чынын алып туруп жерге ыргыттым. Сынып кетти. 

— Кызым, азыр кайын-журтуң менен кайра кеткиң келеби же жокпу? Чынын айт кызым. Атаңа ишен кызым. Айтагой.

Ыйлап жиберди. Көкүрөгүмө кыстым. «Жок» деген араң үн чыкты.

Коноктор узап баратты. Кызым менин жанымды турду. Кудагыйым тим эле сыр бербейт. «Кеттик» деп кызыма айтты. 

— Барбайт!

Баары карап калышты.

— Барбайт! Уулуңа айтып кой, кызыма колу тийген адамды мен жөн калтырбайм. Уктуңбу!

Болгон күчүм менен бакырды. Машинасына түшкөнгө шашты. Эч ким эч нерсе деген жок. Баары түшүндү окшойт.

Кызым азыр жанымда. Эртең эмне болорун билбейм. Канча ирет чыгынып барып кечирим сурайын дейм. Батына албай жатам. Бирок, сөзсүз сурайм. Бир нерсени айта алам, кызым каалаганын кылсын, жашоо аныкы. Мен жанында болом.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бала төрөбөгөнүмдү

Бала төрөбөгөнүмдү, ичкен күндөрүмдү көтөргөн күйөөмө рахмат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.