AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кредитке алган үрөнүнөн үмүтү чоң дыйкандын ийгилик сыры

Кредитке алган үрөнүнөн үмүтү чоң дыйкандын ийгилик сыры

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Нарын жергесинде жаз кеч келип, айдоо-себүү да кеч башталат. Андыктан, ишти убагында бүтүрүп алуу нарындыктар үчүн өтө маанилүү.

Нарын районунун Эчки-Башы айылынын тургуну Майрамбек Касымалиев дал ошол максат менен айылдаштарынын жерин айдап берип жаткан экен. Ал Он-Арча айыл аймагы жана коңшу айыл аймагына караган бардыгы 4 айылдын жерин айдап берип үлгүрүшү керек.

Бул тракторун Майрамбек «Айыл Банк» ААКсынан лизингге алганына бир топ жыл болду. Андан бери техника өзүн актап, кошумча пайда алып келип, эл керегине да жарап жатат. Фермер бир нече жылдан бери айыл чарба техникаларын топтоп, айдоо аянттарын кеңейтип, мал- жанынын башын көбөйтүп алган.

«Техниканы «Айыл Банктан» лизингге алганда, бул трактор мага 700 миң сомго турган. 8 жылга алгам, буюрса насыямды жаап бүтүрдүм. Үстүнө болгону 160 миң сомго чукул каражатты кошуп бердим, мен үчүн ыңгайлуу болду. Азыр бул трактордун баасы кеминде 2 млн сом болгонун айтып жатышат. Муну менен айылдын жерин айдап, өз үлүшүмдү да убагында тейлеп алам. Үч баламды ушунтип эле багып келе жатам. Алгандан кийин техниканы иштетиш керек, антпесе болбойт.

Мына, азыр айдаган жерим айылдашым Арзыматтын жери. Жаан жаагандыктан аябай жакшы болуп жатат, 90% эгини чыгып берсе сонун болот. Акырындык менен эмгек кыла берсең эле ырыскы-береке деле келе берет экен. Башкысы каалоо жана талыкпаган эмгек. Айыл жергесинде кредит жакшы колдоо болуп жатпайбы. Той-топурларга жумшабай, жакшы максат коюп алсаң ишиңе жарап берет. Быйыл айылдаштар болуп жакшы сорттогу буудай, арпа алдык. Эми сонун түшүм болот деп күтүп турабыз. Ага чейин айылдан айыл кыдырып, үрөн издеп кыйналып жүрчүбүз. Быйыл Орусиядан жакшы үрөн алып келип беришти. Эми аны өзүм көбөйтүп алам.»

27 жылдан бери талыкпай талаачылык, мал-жандык менен алектенип, ийгилик жаратып келе жаткан Майрамбек аганын айдоо жерлери быйыл көбөйдү. Ал быйыл жалпы 7 гектардан ашык жерге эгин айдаган. Аянттарын кеңейтүүгө дыйканга «Айыл банк» 4,5% үстөгү менен насыяга берилген үрөн көмөкчү болду. Ал насыянын эсебинен Орусиядан келген 1-репродукциядагы «Вакула» сортундагы арпадан бир тонна алды. Бул арпанын үрөнү 4 гектарга жеткен экен.  Эми дыйкан жакшы жана мол түшүм алам деп күтүп турат. 

«Арпанын чыгышы азыр жакшы, карасаңыз, сонун болуп көтөрүлүп калды. Буюрса ушундай жаанчыл болуп турса эле жакшы болот», — деп сүйүндү дыйкан талаасын карап.

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Өптүргүсү келбеген баланы өппөш керек!

Өптүргүсү келбеген баланы өппөш керек!

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.