Саламатсызбы! Айылдагы кошуна бала менен урушуп кеттим. Ал 16да, мен 19 жаштамын. Мени сөгүп, акыл үйрөтүп баштады. Кой иним антпе деп тыйып койдум. Ал дагы сөгүнүп ичиме бир сокту. Ачууланып кетип, мойнунан кысып туруп, чаап жибердим. Жерге катуу түшүп, башы жарылып кетиптир. Атам урушат деп үйүнө барбай, башын жууп коюп, достору менен жүрө бериптир. Үйүнө түндө 12де барган экен. Экөөбүз саат 9дарда уруша кеткенбиз. Биринчи мага кол көтөргөнү үчүн ачууга алдырып койгом. Өзү сөгүнүп, акыл үйрөтүп баштаганын көргөн күбөлөр бар. Эми ал баланын атасы мени коркутуп жатат. «Балам ээси ооп жыгылып калыптыр, үйгө эми келди, эми эмне кыласың» деп эки сүйлөп жатат. Бул жерде ким күнөөлү?







