AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кошулгубуз келсе дагы 9 ай чыдайлы. Кош бойлуулук жана секс тууралуу мифтер

Кошулгубуз келсе дагы 9 ай чыдайлы. Кош бойлуулук жана секс тууралуу мифтер

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кош бойлуулуктагы жыныстык катнаш менен байланышкан мифтер көп. Бүгүн биз кеңери тарагандарын жокко чыгарып, чынында кандай болор экенин айтып беребиз. 

Миф №1. Кош бойлуу аялдар жыныстык катнашка баргысы келбейт. Аларга туздалган бадыраң болсо болду.

Чындык: Илимий маалыматтарга таянсак кош бойлуулук учурунда 35-90% аялдардын либидосу (каалоосу) төмөндөйт. Бирок, кош бойлуулукта гормондордун жогорулашы либидого карама-каршы таасир да бериши ыктымал. Бул процесс ар бир аялдын организминде ар кандай жүрөт. Мисалы, аял боюнда болгондон баштап секске болгон каалоосу күчөшү мүмкүн. Демек, боюнда бар айым сексти каалабайт деген нерсе жаңылыштык.

Миф №2. Сексти жубайым экөөбүз тең каалайбыз, бирок тогуз ай чыдап коюшубуз керек.

Чындык: Болочок энеге жыныстык катнашка баруу кооптуу болсо, дарыгер эскертип коет. Кош бойлуулук жеңил өтүп, убагында көрүнүп, УЗИге түшүп турса, анализдердин жыйынтыгы жакшы болсо, дарыгер секске тыюу салбаса, аны менен алектенүүгө эч кандай тоскоолдук жок.

Миф №3. Алгачкы 3 ай ичинде кошулбай туруш керек, болбосо бойдон түшүп калат.

Чындык: Чындыгында, кош бойлуулуктун 50%ы алгачкы 12 жума ичинде үзгүлтүккө учурайт, бирок, жыныстык катнашка баруудан эмес. Бул этапта секс бойдон түшүп калуу тобокелдигин арттырып, балага зыян келтирбейт. Болочок энеден кан аралашкан суюктук келбесе, катуу оорутуулар жок болсо, дарыгер бойдон түшүү тобокелдиги бар деп айтпаса, кабатыр болбой кошула берсе болот.

Миф №5. Жыныс мүчөм чоң (аялым да ошентип ойлойт), кошула турган болсок, балага зыян келтирип алам.

Чындык: Эркектин жыныс мүчөсү канчалык чоң болбосун, түйүлдүктөгү балага эч кандай жаракат келтирбейт, андай болушу да мүмкүн эмес. Себеби, бала оболочкада жайгашкан, айланасы суюктук, калың булчуң катмары, жыныс кыны жана тыгыз жатын моюнчасы менен курчалган.

Миф №6. Кош бойлуу аялдарга чектөө коюлган позалар бар.

Чындык: Эч кандай коркунучтуу позалар жок. Өнөктөштүн экөөнө тең ыңгайлуу болгон бардык позаларга уруксат берилет. Болгону, кош бойлуулуктун акыркы мөөнөтүндө аял үчүн чалкасынан жатуу ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бул учурда өнөктөшү аркасынан болгон позаны тандоого туура келет.

Миф №7. Аял төрөгөндөн кийин секске болгон каалоосу дароо ойгонот.

Чындык: Орточо эсеп менен төрөт үйүнөн чыккандан 6-8 жума өткөндөн кийин гана жыныстык жашоону баштоо зарыл. Жаңы төрөгөн аялдын “кошула алам” дегени, “каалайм” дегени эмес. Төрөттөн кийин либидонун убактылуу төмөндөшү нормалдуу көрүнүш: психоэмоционалдык абал, чарчоо, фигурасына ыраазы болбоо ж.б. таасир берет.

Миф №8. Аялым каалап жатканын айтат, бирок тиги жагы кургак, смазка жок.

Чындык: Лубрикация, аялдын сексти каалап жатканынын көрсөткүчү эмес. Бирок, бул учурда, смазкага байланыштуу көйгөй эстроген гормонунун тартыштыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан, кургактык – жыныстык катнашка барууга тоскоолдук кылган бирден-бир себеп болсо, дарыканадан лубрикант сатып алса болот.

Миф №9. Бала эмизип жатканда, бойго бүтүү мүмкүн эмес.

Чындык: Эне баласын күнү-түнү эмизсе (аралыгы 3 сааттан кем эмес), кошумча тамак бербесе, этек кири келе элек болсо, анда мындай контрацепциянын эффективдүүлүгү 99%. Бирок, биринчиден, эмизүүлөрдүн ортосундагы интервал узарган сайын эффективдүүлүк төмөндөй баштайт. Экинчиден, төрөттөн кийинки биринчи овуляция, этек кир келээрден эки жума (болжол менен) мурун пайда болот, демек, аял ойлонгуча эле боюна бүтүп калышы мүмкүн.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Балалуу болуу үчүн канча канча урук керек? Уролог айтып берет

Балалуу болуу үчүн канча канча урук керек? Уролог айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.