AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кош бойлуулардын полиси деген эмне? Негизги 14 суроого жооп

Кош бойлуулардын полиси деген эмне? Негизги 14 суроого жооп

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg Кыргызстан кош бойлуу айымдарга кандай шарттарды түзүп бергендигин билүү үчүн: Кош бойлуулардын полиси деген эмне? Анын кандай пайдасы бар? Канча сомго сатып алса болот? деген суроолору менен Медицина камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Мамашовага кайрылды.  

  1. Кош бойлуулардын полиси деген эмне?

Кыргызстандагы кош бойлуулардын көбү үйдө отурган кожойкелер. Иштегендер мамлекетке төгүм төлөйт, ал эми иштебегендер төлөбөйт. Ошондуктан иштебеген келиндер камсыздандырылбаган калкка кирип калат. Кош бойлуулар үчүн полис — үйдө отурган аялдарга багытталган. 2015-жылдан баштап ишке кирген кошмуча программанын алкагында, дары-дармектерди акысыз жана жеңилдетилген баада ала-алышат. Ал эми баштапкы медициналык тейлөө бекер көрсөтүлөт.

  1. Кош бойлуулар полисин кимден алса болот?

Эч жерде иштебеген айымдар полисти үй-бүлөлүк дарыгерден учетко туруп жатканда же аймактык башкармалыктан алса болот.

  1. Аны алуу үчүн кандай документтер керек?

Паспорт керек жана үй-бүлөлүк дарыгерге учетко турганда арыз жазат. Кош бойлуу келин жашаган жеринен сөзсүз каттоого турууга тийиш.

  1. Полис канча күндө берилет?

Бардык жарандарга полис 15 күндүн ичинде берилип, иш жүзүнө кирет. Ал эми кош бойлуу келиндер үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге каттоого тураары менен полис берилип, дароо рецепт жазылып, дарыканадан жеңилдетилген баада дарыларды сатып алса болот. Биздин мамлекет кош бойлуу аялдарга атайын ушундай шарт түзүп берди.

  1. Канча сом турат?

Кош бойлуулар үчүн полис бекер берилет.

  1. Бардык эле дарыканада жеңилдетилген баада сатылабы?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу аймактык башкармалыгы менен  кызматташкан дарыканаларга кайрылуу керек. Келишимдин негизинде иштеген аптекаларда:

 “Дарыкана МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУНУН КОШУМЧА ПРОГРАММАСЫ жана МАМЛЕКЕТТИК КЕПИЛДИК ПРОГРАММАСЫ боюнча иштейт”, деп жазылып турат.

Ал эми  орусча: “Аптека работает по ПГГ и ДП ОМС”, деп жазылган.

  1. Кайсы дарыларды жеңилдетилген баада алса болот?

Жеңилдетилген баада сатылган дарылардын тизмегинде 200дөн ашык дары бар. Алар негизинен контрацептивдер, курамында темир бар, кан ооруулар, муун ооруулар үчүн дарылар, антибиотиктер ж.б.

Жеңилдетилген баада сатылган дары дармектин тизмесин үй-бүлөлүк дарыгерден сурап, окуп, таанышып чыгууга укугуңуз бар.

Андан тышкары  www.foms.kg. сайтына да кирип, сол тарабындагы “справочник” же “льготные лекарства” дегенди ачып, көрүп алса болот.

Дарыларга 50%га чейин жеңилдетүүлөр берилет. 

  1. Мындан тышкары кандай кызматтар көрсөтүлөт?

Кош бойлуу айым полис алгандан кийин камсыздандырылган калкка кирет. Поликлиникадагы лабаратордук инструменталдык изилдөөлөр (базалык изилдөөлөр) башкача айтканда: кандагы канттын деңгээлин текшерүү, зараны анализге алуу, кардиограммага, УЗИге түшүү – бекер.

Кош бойлуулугуна байланыштуу ооруканага жатууга туура келсе дагы акысыз дарыланат. Бирок өзүнүн мурунтан эле өнөкөт оорулары бар болсо анда төлөп калат.

  1. Студенттерге полис берилеби?

Албетте берилет. Студенттер ансыз деле камсыздандырылган калкка кирет. Кош бойлуу болсо автоматтык түрдө полис берилет. Баштапкы тепкичтеги медициналык кызматтар бекер көрсөтүлөт.

  1. Полистин төрөт учурунда кандай пайдасы бар?

Полиси жок болсо деле, толгоо менен төрөт үйүнө кайрылса, мекеме акысыз кабыл алып, бекер төрөтүүгө милдеттүү. Полиси болсо, бардык дары-дармектер да бекер же жеңилдетилген баада берилет.

  1. Төрөт учурунда дарыгерлер дары, салфетка, перчатки алдыртышат, ошол туурабы?

Дагы бир жолу кайталап кетейин, төрөт үйүндө бардык медициналык кызмат акысыз көрсөтүлөт: операция, перчатки, марли, салфетка — бүт бардыгы бекер.

  1. Андай болбой калса эмне кылуу керек?

Бизде “113” — деген шыр байланыш телефону бар. Бул ишеним телефон. Чалуулар бардык региондордон кабыл алынат. Биринчи күндөн, бешинчи күнгө чейин эртең мененки 9дан кечки 18.00го чейин суроолоруңар менен чалгыла. Төрөт үйлөрү боюнча, дары-дармек, ооруканадан акча доолап жатат, полис тууралуу билгим келет ж.б. суроолор менен кайрылса болот. Биздин адистер бардыгын түшүндүрүп беришет.

  1. Полис канча убакытка жетет?

Кош бойлуулардын полиси 1 жылга берилет. Улам кийинки төрөтүнө жаңы полис алуу зарыл.

  1. Эмне үчүн мындай маалымат поликлиникаларда жазылбайт?

Ар бир медициналык уюмда маалыматтык блок же стенд бар. Биз региондорду кыдырганда да сөзсүз текшеребиз. Көбүнчө көрүнүктүү жерлерде илинип турат, мисалы, регистратуранын жанында.

Маалыматтык стенддерди окуп, ал жактагы укуктарыңарды колдонгула!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын атам мага көйнөк алып бергенди жакшы көрчү

Кайын атам мага көйнөк алып бергенди жакшы көрчү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.