Кош бойлуу аялдардын туура тамактануусу абдан маанилүү. Организмине зарыл болгон витаминдер, белоктор жана майлар убагында жетип турушу керек. Ал үчүн күн сайын туура тамактануу пирамидасында көрсөтүлгөн азыктар топтомун керектөө сунушталат.

1-топ: Нан, таруу, макарон азыктары, күрүч, картошка
Күнүнө 6-11 порция жеңиз.
1 порция:
- Бир чоң кесим нан (30-40гр).
- 3 таттуу токоч же өтө чоң эмес крекер.
- ½ чыны кайнатылган ботко (күрүч же гречка).
- ½ чыны кайнатылган макарон азыктары.
- ¾ 30 гр даяр кургак эртең мененки тамак.
- 1 орточо картошка.
2-топ: Жашылча-жемиштер
Күнүнө 5 порциядан кем эмес жеңиз.
1 порция:
- ½ чыны (100 гр) жашылча (сабыз, кызылча, көк пияз, пияз).
- 1 чыны жашылча (капуста, салат жана башка).
- 1 орточо помидор.
- ½ чыны буурчак.
- 1 орточо жемиш (алма, алмурут).
- ½ чыны (100 гр) жаңы, консерваланган же кайнатылган жемиш.
- 160 мл жашылча-жемиш ширеси.
- Күн сайын 400 грдан кем эмес жашылча-жемиш керектеңиз.
3-топ: Сүт жана сүт азыктары
Күнүнө 3 порция жеңиз.
1 порция:
- 1 стакан (200 мл) айран же кефир.
- 45 гр катуу сыр.
- 1,5 чыны ( 250 мл) быштак.
- 1 стакан (200 мл) сүт.
4-топ: Балык, тоок, эт жана буурчак.
Күнүнө 2 порция жеңиз.
1 порция:
- 1-1,5 чыны (150-200 мл) кайнатылган буурчак.
- 2/3-1 чыны жаңгак (100-200 гр).
- 2 орточо жумуртка.
- Майлуу эмес болуп даярдалган 80 гр тоок, балык же эт.
5-топ: Май, ак май, каймак, маргарин, өсүмдүк майы, шириндиктер.
Күнүнө аз-аздан жеп туруңуз.
Кош бойлуулуктагы кооптуу азыктар:
- Алькогол түйүлдүктүн чоңоюшуна чоң залал келтирет.
- Чийки эт жана балыктарда “листериоз” деген курт бойдон түшүрүп коет. Ал эми бышпаган жумуртка, сүттөгү “сальмонеллез” курту организимди уулантса, бала майып болуп төрөлүп калат.
- Токойдон терилген козу-карындардан ууланып калуу коркунучу жогору. Аябай эле козу-карын жегиси келсе, шампинионду туура бышырып, жесе болот.
- Жуулбаган мөмө-жемиш.
- Фаст-фуд.
- Газдалган ичимдиктер ичти көөптүрүп, бойдон түшүү коркунучуна алып келет.
- Кээ бир тамак-ашка кошулчу татымдар. Мисалы, корица жатынды чыңалтып бойдон түшүү, размарин кан кетүү коркунучуна дуушар кылса, соус, кетчуп, майонездер суусатып, шишитет.
- Экзотикалык азыктар аллергия кылышы мүмкүн.
Кайсы тамак-аштарды ченеми менен колдонуу керек?
- Чай
- Кофе
- Шоколад
- Уксус
- Горчица
- Хрен
Кош бойлуулукта туура тамактанган аялдардын ден-соолугу чың болуп, түйүлдүк жакшы өсүп, дени-сак бала төрөлөт.







