AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Коркунуч жаш куракка

Коркунуч жаш куракка, жынысына карабайт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

“Фобия” грек тилинен которгондо “коркуу” дегенди түшүндүрөт. Фобия — элестетилген же реалдуу коркунучтан жана кандайдыр бир нерседен же абалдан катуу коркуу. Коркуу психологияда терс эмоция болуп саналат. Ар адамдын фобиясы ар түрдүү болот жана бирөөгө фобия болуп саналган нерсе башка бир адам үчүн фобия болбой калышы толук мүмкүн. Психология боюнча доцент Бермет Наралиева таанышууну, пикир алышууну өзүнө фобия кылып алгандар үчүн кеңешин берди.

  • Эмне себептен экенин билбейм, эмнегедир акыркы жылдары баарынан коркуп баштадым. Тааныган, тааныбаган адамдардан деле корко берем.

Коркуп, тынчсызданган сезим ал баардык адамдарда эле кездешет. Себеби адамдын бат-бат стресске кабылуусу, такай чарчаган абалда болуусу, түпөйүл жан дүйнөсүндө эч ким менен бөлүшпөгөн тынчсыздануусу, бир тынчтык бербеген ооруусу же ал ооруунун күчөшү болуп эсептелинет. Мындай учурда адам өзү да эмне болуп жатканын түшүнбөй калышы ыктымал. Бул өзгөчөлүк патология эмес, мындай терс таасирлерге кабылуу ар бир адамдын турмушунда көп кездешет. Негизи стрессте жүргөн абалды ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө, акылына, деңгээлине жараша чечет. Ошентсе да сиз өзүңүзгө ушул суроону берип көрүңүз:

1. Мен эмнеге коркуп жатам?

2. Мени коркута турган себеп барбы?

3. Мен дайыма ушинтип коркуп жүрүүдөн жакшы эмнени табам, жаман эмне зыяндарды өзүмө алып келем?

Мына ушул суроолордун үстүндө ойлонуп көрүңүз дагы жооп издеңиз.

  • Адамдын көзүнө карай албай, уялгансып, ичиме бир сыр каткан адамдай жүрөм. Бул абалымды өзүм да түшүнбөйм.

Адамдардын көзүн карай албай уялуу, жашырып сыр каткандай жүрүү бул сиздин табиятыңыздан тартынчаак же уялчаак экендигиңизде. Ал үй-бүлөдөн ата-энеден берилген кичинеңизден берки тарбия менен байланыштуу. Мезгилдин өтүшү менен көбүнчөсүндө бул нерселер жолго салынат.

  •   Адамдар менен мамиле түзүүдөн, пикир алышуудан тартынам. Себеби эмнеде?

Пикир алышуудагы тоскоолдук өзүнө болгон ишенбөөчүлүктөн, “мен” деген образдын төмөн бааланышынан, өзүн башкалардан кемсинтип төмөн баалоонун негизинде келип чыгат. Баланы ата-эне кичинесинен сүйлөп баштаса ур-токмоко алып, сүйлөбөй олтур, сен али жашсың же “баладай болбойсуңбу” деп баланын өзүнө болгон ишенимин төмөнгө чаап, эркин жок кылып, балага башкалардан бир жерим кем деген сезимдин үрөөнүн сээп койгон болсо ал өсүп, өзүнүн түшүмүн берет.

Аны психолог бир жолку жолугушууда эле оңдоп коё албайт. Ал үчүн бир нече сеанс өткөрүү керек. Андыктан бул абалдан чыгууну кааласаң сөзсүз жардамга кайрыл.

Ата-энелерге айтаарым баланы мынчалык абалга жеткирбей бир күндө 9-12 жолу бооруна бекем кучактап, жакшы сөздөрдү арнаса жогорудагыдай маселе болбойт.

Маалымат катары:

Жалпысынан алганда, фобия түрлөрү төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт:

  • Жаныбарлар фобиясы — Буга жаныбарлардын бардык түрлөрү жана курт-кумурскалар кирет.
  • Жаратылыш кубулуштарына байланыштуу фобия — Катуу шамалдан, чагылгандын түшүшүнөн жана башка.
  • Оорукана фобиясы — доктурга көрүнүүдөн, дары ичүудөн, укол алуудан.
  • Коомдук жайларга байланыштуу фобия — Бул фобия түрү көпүрө, тоннель, жабык мекеме, лифт сыяктуу коомдук жайларды өзүнө камтыйт.
  • Транспорт фобиясы – Ар кандай транспортто айдоодон же катуу ылдамтыкта жүрүүдөн.
  • Арахнофобия – жөр­гө­­­мүштөн коркуу. Аялдардын элүү пайызы, эркектердин он пайызы жөргөмүштөрдөн өтө коркушат.
  • Коомдук фобия – коомго жана көпчүлүк элге жек көрүндү болуп калуудан коркуу. Буга көбүнчө ата-энеси ажы­­рашкан же ата-эне мээримин көр­бөй калган балдар кирет.
  • Аэрофобия – самолётко түшүү­дөн же учуудан коркуу.
  • Агорафобия – ачык жерлерден жа­­на жагымсыз кырдаал болуп кетиши мүмкүн болгон жерлерден коркуу.
  • Акрофобия — бийиктиктен коркуу.
  • Ботанофобия – өсүмдүктөрдөн коркуу.
  • Никтофобия – караңгылыктан коркуу.
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Ашыкча терчилмин

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.