Менин жакын курбум бар, 17 жашта. Ал баарына эле ачылып сүйлөй бербейт. Сабакты жакшы окуйт, келбети жаман эмес, динден кабары бар. Бардыгын терең ойлонуп чечим чыгарат, айткан сөзүнө бек турат.
Өзү теңдүү кыздарга окшоп жигиттер менен сүйлөшүп, жолугушууга шашылбайт. Анын башкы сүйүүсү — бул кореялык ырчы жана актерлор. Курбум жөн гана жактырып, ырын уккандардан эмес. Айдолдор анын жашоосунун бир бөлүгүнө айланган. Башкалар бул кызыгуусун шылдыңдап “аларды көрүүң да мүмкүн эмес” — деп айтышса, кадимкидей ызаланып, эл көрбөгөн жерге барып алып ыйлайт.
Эмне кылса болот? Курбусу катары кандай жардам көрсөтө алам?







