AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Көшөгөдөгү ыйлаган кыздан 26 жыл мурунку өзүмдү көрдүм

Көшөгөдөгү ыйлаган кыздан 26 жыл мурунку өзүмдү көрдүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жолдошум ала качып алган. Көшөгөдө олтуруп алып машинага салып берген жеңемди каргап ыйлагам. Аялдар, “биз да ушинтип келгенбиз, таш түшкөн жериң оор, отурган кыз ордун табат, Жоки жаман бала эмес”, деп сүйлөнүшкөн. 

Башында көнө албай абдан кыйналдым. Өзүм бар турмушта чоңойгонгобу, жолдошумдун жашоосу жаккан жок. Ал учурда “ажырашты, олтурбай келип алыптыр” деген сөздөр аябай уят эле. 

Бир айдан кийин кош бойлуу болдум. Жолдошум өктөм сүйлөп, кайын энем болбогон нерсе үчүн тилдей баштады. Кайын атам эле, келин бала олтур, эс ал, дагы ич тамактан деп турчу. Бирок биринчи баламды төрөөргө аз калганда көзү өтүп кетти. 

Жолдошум кызыл камчы болуп чыкты. Ажырашам болуп турганда боюмда болуп калыптыр. Кыздуу болдум. Тагдырыма моюн сунуп, көргөн кордугума көз жумуп жашай бердим. 

Азыркы жашоом кудайга шүгүр. Балдарым эр жетти, келиндүү, неберелүү болдум. Келиниме ашыкча сөз сүйлөп, заарымды чачпайм. Жолдошум он беш жыл мурун эс тутумун жоготуп койгон. Көргөзгөн кордугуна карабай багып келем. 

Жакында эле кошунамдын баласы үйлөнөт болуп жардамдашып калдык. Аңгыча эле келин келди, олтургузушуп койгула деп калышты. Кошуна аялдар менен аралашып көшөгө тарапка бардым. Кыз олтурбайм, менин жигитим бар деп ыйлап жатыптыр. Жүрөгүм токтоп калайын деди, өзүмдүн жаш кезимди, кызымды элестеттим. 

— Сүйлөшүп эле алып келе жатат дешти беле? 

— Ооба. Эмнеге обу жоктонуп жатат бу кыз?

— Ыйлап жатканына караганда баса калып эле алып келе берген окшойт. Мен катышпайм, жүрөгүм чыдабайт. 

Кыйын кыз экен, айтканынан кайтпай, ала качуунун курмандыгы болбой кетип калыптыр. 21-кылымда жакшынакай таанышып, сүйлөшүп, бири-бириңди түшүнүп баш кошсо болот да. Кыздарга айтаарым эч качан мындай жапайычылыкка моюн сунбагыла. 

Бул менин кайын энемди окуясы. Жашоосу жөнүндө көп айтат, кеңешин берет. Кошунабыз тууралуу жакында эле чалып айтып берген. Апамдын көзү муңдуу болуп турат. Дайыма биздин жана кайын сиңдимдин бактысын тилейт. Апа оорубаңыз, биз сизди жакшы көрөбүз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Энелердин кош бойлуу жана төрөт учурундагы өлүмүнүн себептери

Энелердин кош бойлуу жана төрөт учурундагы өлүмүнүн себептери

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.